super.kg logo

Камчатка. Район тургундары өспүрүмдү куткаруу учурунда көздөрү көрбөй калган кыргыз жарандарына жардам берүүнү өтүнүп бийликке кайрылышты

 
Каргашалуу окуя болгон жер төлөө.

Камчатканын Елизово районунун тургундары жергиликтүү бийликке 14 жаштагы өспүрүмдү куткарабыз деп көздөрү көрбөй калган Кыргыз Республикасынын жарандарына жардам берүүнү өтүнүп кайрылышты. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя 21-августта аталган райондогу үйлөрдүн биринде болгон. Анда 20-август күнү 66 жаштагы аял жер төлөсүн тазалоо максатында белгисиз дары сепкен. Эртеси күнү аял жер төлөгө кирем деп эс-учун жоготуп кулап калган. Аны көргөн 14 жаштагы небереси көчөгө чуркап чыгып элден жардам сураган. Алыс эмес жерде иштеп жаткан 26 жаштагы Казимжон Адилов, 48 жаштагы Махамаджон Шералиев чуркап келип, өспүрүм бала да эс-учун жоготуп кулап калганын көрүшкөн. Ал экөө жер төлөгө түшүп баланы сыртка чыгарып, аны 44 жаштагы Саибжан Турсумуратов “Тез жардам” кызматына өткөрүп берген. Ал эми улгайган аял жер төлөдө эле каза болуп калганы аныкталган.

“Арадан көп убакыт өтпөй, өспүрүм баланы куткарып калган жарандар өздөрүн начар сезе башташкан. Адилов менен Шералиев эс-учун жоготуп, Турсумуратов да өзүн начар сезген. Алар 2 күн бою оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатып, кийин жалпы бөлүмгө которулушкан. Учурда Адилов ооруканада, анын көзү көрбөй калды. Шералиев 6 күндөн кийин ооруканадан чыгарылган, бирок бүгүнкү күндө анын да көзү көрбөй калды. Ал төшөктө жатууга аргасыз, себеби абалы дагы эле жакшы эмес. Бул адамдар баланын өмүрүн сактайбыз деп ушундай абалга келишти. Жергиликтүү бийлик аларга кайдыгер карабай, алардын дарылануусуна жардам бериши керек. Бул тууралуу биз кат жазып, өтүнүч менен жергиликтүү бийликке жардам сурап кайрылдык", - деп билдирген жергиликтүү 70 жаштагы Людмила Андреева аттуу тургун.

Маалым болгондой, учурда бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
06.09.2016. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Ал кандай жер төлө болду экен көз көрбөй кала турган, сүйлөбөй, укпай калсан анча эмес көрбөй калсан эң жаман болсо керек менимче кудайым өзү шпаа берсин силерге.
06.09.2016. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
keba300989,окуп анан комент жазсанар окуп окубай эле жазганы шашыласынар да дары сепкен деп жатпайбы тазало максатында деп
06.09.2016. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чоңдорубуз кайда жүрөт чекеден жерлерибиз сатылып балее болдук анда бизди бириктирип ар мамлекетке таратып бөлүп берсин ошондо бир жолу тынчыйлы
Keremet008 түзөттү 2016-09-06 14:42:39
06.09.2016. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Хлоп деген бургоонун бир туру бар.ошол Россияда коп.ушундай полдордун астында же башка жактарда жашайт.менимче бул дихлохоз сепкен.жытына кадимкидей ууланасын.колуна сееп алсан иштебей калат копко чейин.мен да жакында эле уулангам ушундайга
06.09.2016. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Riokyrgyz,Хлоп эмес клоп деги сабатыбыз качан жойулат.
07.09.2016. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
moskoy,жойулат эмес жоюлат.
06.09.2016. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дихлофос
06.09.2016. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаевдин заказы дебейсинерби муну дагы...
07.09.2016. 04:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
биз ушул Елизовада жашайбызда. Жаман болуптур. Эми коруусу калыбына келет бекен?!
08.09.2016. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанылыкта себеби тоолук жазылган эмес,клопко жэ кэлэмишке экендиги белгисиз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: