super.kg logo

Казакстанда кармалган куралчан топ 2001-жылдын 11-сентябрындагыдай теракт уюштурууну көздөгөн

 

Казакстандын Алматы облусундагы Иргели айылында кармалган 4 жаран 2001-жылдын 11-сентябрындагыдай теракт уюштурууну көздөгөн. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинен кечээ, 5-сентябрь күнү билдиришти.

Аталган комитеттин антитеррордук штабынын өкүлү Сакен Мынбаевдин айтымында, учурда куралчан топтун өкүлдөрүнө “террорчулукту жайылтуу”, “террордук топ түзүү жана анын ишине катышуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалган куралчан топ Талдыкорган аэропортун изилдеп, жарандык жана аскердик учактарды ээлеп алып, теракт уюштурууну көздөгөн. Ошондой эле алардын бири өзүн өзү жардырууну пландаган. Алардын башында кыргыз жараны турган”, - дейт Сакен Мынбаев.

Айта кетсек, 18-август күнү Алматы облусунда Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети тарабынан террордук топтун 4 мүчөсү кармалган. Алардын бири 1976-жылы туулган С.П. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны болгон. Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматына караганда, кармалгандардын жашаган жеринен жардыргыч заттар, диний-экстремисттик материалдар табылган. Алар алгач Улуттук коопсуздук комитетинин, полициянын, аскер бөлүктөрүнүн имараттарын, андан соң калк көп топтолгон аймактарды жардырууну көздөшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
06.09.2016. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Terroristerdin ulutu jok. Alar adawkandar. Terorist kazaktanda kyrgyzdanda araptanda 4ygywy mumkun owon u4un alardy terorist dep ataybyz. Eger ulut koygunar kelse teror ulutunan dep koygula.jaratkan Al adawkandardan saktasyn.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: