super.kg logo

“Кумтөрчүлөрдөн” жетим бөбөктөргө жардам

 

Кечээ, 2016-жылдын 5-сентябрында “Кумтөр” ишканасынын Балыкчы шаарындагы өткөөл базасынын кызматкерлери "Адамзатка жардам" балдар кризистик борборуна барып, жаңы окуу жылына карата тарбиялануучуларга чай уюштуруп, белектерди тапшырышты.

“Кумтөр” кызматкерлери жардамга муктаж калктын аяр катмарына ыктыярдуу жардамын аяшпайт. Бул ирет кийим-кече, оюнчук жана акча чогултууну чечишкен. Кризистик борбордо мектеп курагындагы 20 жетим бала жашайт. Чогулган каражатка балдар мектепте керектөөчү окуу куралдары менен борбор жетекчилиги өтүнгөн, имаратты тазалыкта сактоо үчүн чаң соргуч шайманы сатылып алынды.

Борбордун жетекчилиги менен бөбөктөр “Кумтөрдүн” элчилерине жана Балыкчы өткөөл базасынын калган кызматкерлерине чын жүрөктөн ыраазычылык билдиришти.

“Кумтөрдүн” элчилери – бул компания кызматкерлеринин өз ыктыяры жана жеке демилгелери менен коомго пайдалуу иш-чараларды өткөрүп, колунан келишинче жардам берүү аркылуу атуулдук жоопкерчилигин аткаруусу. “Кумтөр Голд Компаниде” 2879 адам эмгектенет. Компаниянын кызматкерлери жөнүндө кенен маалымат бул жерде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
06.09.2016. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кичине озгортуп жазса болбойбу? Ото жаман угулат экен
07.09.2016. 08:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Балдар уйуно дешпейби же балдар жатак мектебине дешсе болмок кайсы жетим бобоктор депмин...
07.09.2016. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колуман келсе баарын эле багат элем...
07.09.2016. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элдин байлыгын коз коруно тоношуп, ошол акчалардын бир киичине болугун кайрымдуулукка жумшап оздорун жакшы корсоткусу келишет... Эгер Кумторду мамлекет озу рационалдуу иштеткенде ар жылы 50-100дон мектеп, бала-бакча куруп, 20 эмес, олко боюнча бардык кароосуз калган балдарды карап алмак....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: