УКМК Кытай элчилигинде өзүн жардырган жана аны уюштургандардын атын атады (фото)

















Бишкектеги Кытай элчилигинде өзүн жардырган жана аны уюштургандардын өздүгү такталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.
УКМКнын маалыматына караганда, өзүн жардырган жан кечти - 1983-жылы туулган уйгур улутундагы Зоир Халилов. Ал “Чыгыш Түркстан ислам кыймылы” эл аралык террордук уюмунун мүчөсү болгон. Тажикстандын паспортун көтөрүп жүргөн.
Ошондой эле Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жардырууга буйрутма бергендер Сирияда согуштук аракеттерге катышып жүргөн “Жабхат ан Нусра” жана “Жамаат Таухид ва жихад” тобунун мүчөлөрү экенин билдирди. Алардын бири мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында 1990-жылы туулган Сирожиддин Мухтаров аттуу жаран болгон. Ал жардырууну ишке ашыруу үчүн Түркияда жүргөн, эл аралык террордук топтун мүчөсү, 1971-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда туулган Бурханидин Жантораевдин жардамын колдонгон.
Издөөгө алынгандар:
- Иззотилло Саттыбаев, 1991-жылы Ош шаарында туулган. Ал Сирияда диверсиялык-террордук даярдыктан өткөн. 16-июнь күнү 1995-жылы туулган Ф.Бобожоновго берилген тажик паспорту менен Кыргыз Республикасынын аймагына өткөн. Кийин Сокулук районунун Новопавловка айылында турак үйдү ижарага алып, А.Кочкоровдун атына Мицубиси Делика унаасын сатып алган. Террорист-жан кечтиге жардыруучу затты даярдоого жана Кытай элчилигине баруучу жолду түзүүгө жардам берген. Окуя болордон бир канча саат мурун Ош-Стамбул багыты боюнча өлкөдөн чыгып кеткен.
- М.Турганбаев, 1987-жылы Ош облусунун Ноокат районунда туулган. Ал жардырууну уюштуруу үчүн каржы маселесин көзөмөлдөгөн. Оперативдүү маалыматка караганда, учурда ал Стамбул шаарында.
- Ильяз Сабиров, 1978-жылы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда туулган. Ал терактты уюштурууга катышкан жана уюштуруучулардын бири катары шектелүүдө. Оперативдүү маалымат боюнча учурда ал Стамбул шаарында.
Учурда Иззотилло Саттыбаев, Ильяз Сабиров, М.Турганбаев, Бурханидин Жантораевди кармоо боюнча иштер жүрүүдө.
Кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилгендер:
- А.Х., Кыргыз Республикасынын жараны (Б.Жантораевдин тууганы жана И.Саттыбаевдин жардамчысы).
- М.К., Кыргыз Республикасынын жараны. 1967-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда туулган (анын жардамы аркылуу И.Саттыбаевге терактты ишке ашыруу үчүн акча каражаты берилген).
- М.М., Кыргыз Республикасынын жараны. 1983-жылы туулган Ноокат районунун Куу-Майдан айылында туулган (“Максым Ош” ишканасынын эсепчиси жана “Адал Тур” турфирмасынын кызматкери).
- Ю.Б., Кыргыз Республикасынын жараны. 1978-жылы Өзбекстандын Булак-Башы районунда туулган (учурда Кара-Суу районунун Учар айылында турат).
- И.Х., Кыргыз Республикасынын жараны. 1971-жылы Сузак районунда туулган (Б.Жантораевдин тууганы, жан кечти-террористтин өлкө аймагына киришине жардамдашкан).

керек аларга гражданство бирида кыргыз
емес бут баары тажик озбек ала топулар