super.kg logo
  Саясат  

КҮНСЕРЕП: Сириядагы уйгур сепаратисттери жардырууга эмнеге Кыргыз өлкөсүн тандашты?

 

Бүгүн, 6-сентябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

30-августта Бишкектеги Кытай элчилигинин дарбазасын унаасы менен сүздүрүп кирип, өзүн өзү жардырып жиберген жан кечтинин ким экендиги такталды. Жардыруудан кийин айдоочудан да, унаадан да эч нерсе калган эмес. УКМКнын маалыматына ылайык, терактты Сириядагы уйгур террорчул топтору уюштурган. Ал эми жан кечти 1983-жылы туулган Тажикстандын жараны, улуту уйгур Зоир Халилов экендиги аныкталганын айтышат кыргыз чекисттери. Ошондой эле жардырууну уюштурууга тиешеси бар адамдар колго түшүрүлүп, кармала электерине издөө жарыяланды. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстандын жарандары бар. Ошентип, буга чейин терактты уюштурууга уйгурлардын тиешеси бар болушу мүмкүн деген версиялар кандайдыр бир деңгээлде чын болуп чыгууда. Бирок тээ Сириядагы уйгур террорчуларынан түшкөн буюртманын Кыргыз Республикасы, Өзбекстан, Тажикстандын жарандарынын катышуусунда Бишкекте аткарылышы түркүн суроолорду жаратпай койбойт. Террорчулардын дүйнөнүн туш тарабында орун алган Кытай элчиликтеринин ичинен Кыргыз өлкөсүндө жайгашканын тандашканы бул коопсуздукту камсыз кылуучу кыргыз күч органдарынын чабалдыгын гана көрсөтөт. Коргонуу жагы жогорку деңгээлде сакталган элчиликке кол салуу ишке ашып жаткан соң, катардагы мекемелер жана башка эл көп барган жайлардын коопсуздугуна коркунуч жаралса, анда кыргыз күч түзүмдөрү кантет?

Террорчулукка байланыштуу жогорудагы жаңылык жалгыз болгон жок. Кыргыз жараны баштаган радикалдуу топ Казакстанда “11-сентябрды” кайталамакчы болгонун коңшу өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты. Эске сала кетсек, 2001-жылы 11-сентябрда террордук топ барымтага алынган учактар менен Нью-Йорк шаарындагы дүйнөлүк соода борбору болгон эгиз мунараларды сүздүргөн. Казакстандын күч органдары: “Кыргыз жараны башчылык кылган топ Талдыкорган аба майданынан жарандык же аскердик учакты ээлеп алып, АКШда 11-сентябрда жасалгандай теракт уюштурууну көздөгөн, тагыраагы, Чек ара кызматы менен Коргоо министрлигинин аскердик бөлүктөрүнө жана муфтиятка чабуул жасамакчы болгон. Бири өзүн өзү жардырууну пландап жүргөн”, - дейт Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Антитеррордук борборунун башчысы Сакен Мынбаев. Буга чейин август айында теракт уюштурууга шектелип Алматы облусунда 4 адам кармалганын, анын бири 1976-жылы туулган Кыргыз өлкөсүнүн жараны экенин жазган элек...

Өзбекстанда Ислам Каримов кайтыш болгон соң бийлик башына келиши мүмкүн болгон Шавкат Мирзийоевге каршылык билдирген акциялар башталды деген маалыматтар жарыяланууда. Бирок бул маалыматты Өзбекстандын бийлиги тастыктай элек. Каршылык акциясына премьер-министр Шавкат Мирзийоевдин 3 айдан кийин өтчү президенттик шайлоого талапкер болушуна өлкөнүн Сурхондарё облусунун жашоочулары нааразы экендиги себеп. Мындай маалыматты тараткан оппозициялык “ЭРК” партиясынын өкүлү Дустназар Худойназаровдун айтымында, облустун тургундары өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалдын оордугуна нааразы, калктын үчтөн бир бөлүгү, тагыраагы, 10 миллионго чукул киши чет жерге чыгып иштөөгө аргасыз. “Өзбекстанда адилеттүү шайлоо өткөрүүгө аракет кылабыз. Бирок бийлик каршылык акцияларын исламисттердин көтөрүлүшү деп басып токтотуп коё алат”, - дейт оппозициячы. Коңшу өлкөдө 1989-жылдан бери президенттин алмаша электигин эске алсак, анда өзбек калкынын кайсы бир катмарынын Каримовдун ордуна анын жан жөкөрлөрүнүн бири келишине каршы чыгуусу мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Бул аралыкта өзбек өкмөт башчысы Шавкат Мирзийоев бүгүн Орусиянын президенти Владимир Путин менен Самаркандда жолугушуу өткөрдү. “Доско таянгандай бизге толугу менен ишенсеңер болот” деген Путинге Мирзийоев “Өзбекстандын Орусия менен болгон өз ара карым-катнашы стратегиялык өнөктөш катары өнүгөт” деп жооп кылды. Орусия президентинин Ислам Каримовду эскерүү үчүн келген сапарын көбүрөөк өз адамынын позициясын бекемдөө катары сыпатташууда. Себеби Шавкат Мирзийоев орусиячыл, ал эми дагы бир президенттикке талапкер болот деген өкмөт башчынын биринчи орун басары Рустам Азимов батышчыл саясатчы деп эсептелет. Мирзийоевдин Путин менен өткөн бүгүнкү жолугушуусу менен Өзбекстанды ким башкарат деген маселе да чечилди деп жазгандар болууда. "Каршылык акциялары старт алды" деп кылтыйып чыга баштаган кабарлар Азимовду да көз жаздымда калтырууга болбой турганын, Өзбекстанда жаңы президент шайланганга чейин маалыматтык согуш орун аларын көрсөтүп жатат...


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: