Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 27 өрт кырсыгы катталды

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 27 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 12, Нарын облусунда 1, Баткен облусунда 1, Ош шаарында 3, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Талас облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Лейлек районуна караштуу Сүлүктү шаарында өрт кырсыгы катталды. Анда Бөкөнбаев айылында 48 чарчы метр аянттагы бастырманын жыгач устундуу, шифер жабылган чатыры жана 200 түк чөп күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.