Ала-Арча суусунан белгисиз эркек адамдын жансыз денеси табылды
Ала-Арча суусунан белгисиз эркек адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, белгисиз эркек адамдын жансыз денеси 9-сентябрь күнү саат 09:30 чамасында Ала-Арча капчыгайындагы Ала-Арча суусунан табылган. Ал жерге куткаруучулар барышып, сөөктү алып чыгышкан. Учурда маркумдун аты-жөнү такталууда. Жансыз дене милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.