super.kg logo
  Саясат  

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев: "Отунбаеваны мыйзамсыз десек, анда азыркы президент жана Жогорку Кеңеш дагы мыйзамсыз"

 

"Роза Отунбаеваны мыйзамсыз десек, анда азыркы президент жана Жогорку Кеңеш дагы мыйзамсыз", - деп 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Отунбаеваны "самозванка" деп атагандан кийин "анын бардык буйруктары жана тапшырмалары мыйзамсыз жана юридикалык күчкө ээ эмес" деп баса белгилеш керек. Ошондой эле “самозванканын” чечимине ылайык шайланган Жогорку Кеңештин буга чейинки чакырылышы жана президент мыйзамсыз, демек, мамлекеттик бийликте баары “самозванецтер”. Эл мыйзамсыз бийликке келген "самозванецтердин" башкаруусуна чыдай алабы? Эл бардык маселелерди чече алат да... Ошондуктан эл бийликтин эң жогорку бутагы катары убактылуу боло турган курултайды уюштуруп, элдин ишенимине ээ өкмөттү түзө алабы? Албетте, алдын ала бийликтин бардык мыйзамсыз бутактарын жоюп... Ал эми курултай өлкөнүн Конституциясынын жаңы долбоорун даярдоо жана референдум менен алек болот. Албетте, бул риторикалык гана суроолор, бирок абдан кызыктуу", - деп жазды Каптагаев.

Эскерте кетсек, 31-августта "Ала-Тоо" аянтында эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына арналган салтанатта президент Алмазбек Атамбаев экс-президент Роза Отунбаеваны жана ал жетектеген Убактылуу өкмөттү олуттуу кылмыштарга күнөөлөгөн. Атамбаевдин мындай айыптоо сөздөрү айтылып жаткан убакта Роза Отунбаева трибунадан нааразычылык ишараты менен кетип калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: