super.kg logo

"Кордай" көзөмөл пунктунда жарандар үчүн шарттар түзүлө баштады

 

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев президентке жана Казакстандын Адам укукугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Аскар Шакировго кыргыз-казак чек арасындагы "Кордай" пунктундагы шарттардын жоктугу жана казак чек арачыларынын иш-аракеттери боюнча кайрылган эле. Ал кайрылуудан кийин акыйкатчы 8-сентябрда аталган пунктту текшерүү максатында кайрадан барган. Бул тууралуу омбудсмендин басма сөз кызматы билдирди.

"Кубат Оторбаев жакында өзүнүн казакстандык кесиптеши Аскар Шакировдон жооп алды. Анда Шакиров чек арадагы адам укуктарын сактоо маселесине өз убагында көңүл бурулгандыгы үчүн ыраазычылык билдирген. Аскар Шакировдун айтымында, катты алары менен Чек ара кызматына талап коюп, өзүнүн кызматкерлерин "Кордай" көзөмөл пунктуна мониторинг жүргүзүүгө жиберген. Ал эми аталган өлкөнүн Чек ара кызматынын башчысы "Кордай" пунктуна Астанадан тик учак менен келип, тиешелүү буйруктарды берген", - деп айтылат маалыматта.

"Учурда күндөн-күнгө экономикалык алака өнүгүп жаткандыгына байланыштуу казак тараптан чек арадагы инфраструктураны жакшыртуу иштери жүрүп жатат. Омбудсмен тиешелүү органдарга жарандардын ыңгайлуулугуна жараша алар өтө турган коридордун туурасын чоңойтууну, ошондой эле күтүү үчүн шарттары бар жай салууну сунуштаган. Бул жаатта иштер башталды", - деп жазылган казакстандын акыйкатчысынын катында.

8-сентябрда Кубат Оторбаев "Кордай" пунктунан кайрадан өтүп, Казак Республикасынын Чек ара кызматынын жасаган иштерине оң баа бергени маалым болду. Өткөрүү көзөмөл пунктундагы темир тордун бир жагы алынып, күтүү аянтчасына отургучтар орнотулган. Башкысы, эгер буга чейин документ текшерүү үчүн 2 гана кызматкер болсо, учурда алардын саны 10го жеткен.

Бул сапарында Оторбаев Казакстандын "Кордай" көзөмөл өткөрүү пунктунун башчысы Ержан Ертуганов менен жолукту. Ал өз кезегинде инфраструктураны жакшыртуу иштери жүруп жаткандыгын айтты. Акыйкатчы Казак Чек ара кызматын тез арада көрүлгөн чараларга жана кылынган иштерине ыраазычылык билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.09.2016. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буюртса 17синде Бишкекке барам, озгоруулорду коргончо келет экенмин да.
Акыйкатчынын талаптары туура коюлган, рахмат сизге!!
13.09.2016. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо акыйкатчы менен байланышып калсаңар чалдовар өткөрүү бекети боюнча да кабарлап койсоңор. Анткени ал жердеги өткөрүү пунктунун абалы тейлөө абдан эле начар. Ошону да бир көрүп жакшыртуунун аракетин квлсп. Ушул аманатты жеткиресиңер деген үмүттөмүн.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: