super.kg logo
  Саясат  

КҮНСЕРЕП: “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында "чекушкаларды" ким ичет?

 

Бүгүн, 13-сентябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына алкоголдук ичимдиктер жана суусундуктар сатылып алынууда. Тиешелүү тендерди Мамлекеттик сатып алуулар боюнча департамент жарыялаган. Маалым болгондой, резиденцияга сапаттуу арак, шарап, сыра, коньяк, лимонад, минералдык суулар сатылып алынмакчы. Тендердин жалпы суммасы 149 миң сомго чукул каражатты түзөт. Кызыктуусу, резиденцияга “чекушка” деп коюучу “Заначка” деген арактар (ред. базардагы баасы 50-60 сомдун тегерегинде) да сатылып алынып жатат. 24.kg маалымат агенттиги бул боюнча: “Бишкектеги турак жай ээлеринин шериктиктеринин (ТСЖ) бир катары “Заначка” арагын ичкич адамдар жана селсаяктар ичкендиктен, үйлөрдүн жанына жакын жайгашкан дүкөндөрдө саттырбайт”, - деп жазды. Бул арак жеткиликтүү баада болгондуктан, селсаяктар ичип алып чыр чыгарып тынчтык бербейт дешсе керек.

2014-жылы коомдук активист Адил Турдукулов: “Мамлекеттик резиденция үчүн 1 миллион 380 миң сомго арак алынган”, - деп билдирген болчу. Мындай керектөөлөрдү адатта резиденцияда конокторду тосууга зарыл деп түшүндүрүшөт. Бирок резиденция жөнөкөй конокторду эмес, көбүнесе чет жерден келген расмий делегациянын өкүлдөрүн тосуп алат эмеспи. Ошондуктан “Резиденция “чекушкаларды” ким үчүн алып жатат?” деген суроонун талкуу жараткандыгы бекеринен эмес...

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Өзбекстанга барып маркум президент Ислам Каримовдун көрүстөнүнө гүл койду. Буга катар Нурсултан Назарбаев президенттин милдетин аткарып жаткан Шавкат Мирзийоев менен жолугушуп, эки тараптуу алакаларды талкуулашты. Бир жума мурун Орусиянын президенти Владимир Путин да Самаркандга барып, Ислам Каримовдун үй-бүлөсүнө көңүл айтуу менен жолугушууларды өткөргөн. Ага чейин Тажикстан, Ооганстан жана Түркмөнстандын президенттери Каримовду жерге берүү зыйнатына катышкан. Көңүл айтуу парзын аткаруу менен КМШ чөлкөмүндөгү таасирдүү 2 мамлекет башчы Өзбекстандагы бийликке келчүлөрдүн тамырын тартуу үчүн барганы түшүнүктүү. Бирок дал ушул Өзбекстан менен акыркы учурда чек ара маселелеринин айынан курчуй түшкөн мамилени жөнгө салуу кыргыз тарапка көбүрөөк керек беле деген ой жаралат. Буга Үңкүр-Тоодо жайгашкан мунаранын 4 кыргыз кызматкеринин дээрлик 3 аптадан кийин бошотулушу соңку мисал. Анын үстүнө бүгүнкү күнгө карата Үңкүр-Тоонун аймагына кирип алган өзбек милиция кызматкерлери кете элек...

Алмазбек Атамбаевдин 31-августта “мародёрчулук да, банк ячейкалары да ачылат” деген сөзүнөн кийин компроматтык согуш тутана баштады. Президентке жана анын чөйрөсүнө тиешеси бар делген бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары мародёрчулук боюнча маселени кайра көтөрүп чыгышууда. Ал арада мындан бир жыл мурун “Азаттык” жазып чыккан “КСДПнын лидеринин банкка катылган сыры” макаласы интернетте кызуу талкуу болуп жаткан чагы. Макаланын мазмунуна келсек, Максим Бакиевдин санаалаштары Михаил Надель менен Алексей Елисеевге таандык болгон “Акылинвестбанк” КСДПнын ошол кездеги лидери, учурда Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун жубайы Нуржан Тентимишовага сатылып кеткени иликтенген. Иш жүзүндө Максим Бакиевге таандык мүлктөр улутташтырылышы керек эле, бирок кандайча жогорудагы банк улутташтырыла турган тизмеге кирбей калганы бүдөмүк. Макаланын ичинде экс-депутат Бегалы Наргозуев: “Кыргыз өлкөсүндө мындай жогорку деңгээлдеги бир дагы иш Атамбаевден жашыруун жасалбайт. Эгерде ага билгизбей жасалса, анда бул үчүн Данияр Нарымбаевге окшоп камалмак. Чыныбай арак заводун, “Акылинвестбанкын" Атамбаевден макулдук албай туруп Максимдин ошол адамынан сатып алса, анда анын күнү бүгүн башкача болмок. Ошон үчүн бул маселе канчалык көтөрүлсө деле жабылуу аяк жабылуу бойдон калып жатат”, - деген оюн билдирген. Жалпылап айтканда, бүгүнкү күнү президент кезинде өзү мүчө болгон Убактылуу өкмөт менен кармаш баштады. Президенттин жана анын чөйрөсүндө канча көзүр болсо, Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн, оппозициянын колунда андан кем эмес көзүрлөр бар экени айдан ачык. Анткени кезинде булар бир кеменин ичинде чогуу жүргөндөр болчу. Бири жыгылса, экинчисин кошо ала жатат. Бирок кимисине оорураак болот, маселе ушунда...


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: