super.kg logo

Бишкек-Ош унаа жолундагы жол кырсыгында каза болгондордун жана жабыркагандардын өздүгү аныкталды

 

Кечээ, 13-сентябрда Бишкек-Ош унаа жолунун 377-чакырымында Тойота Эстима (01 749 ААК) унаасы менен жүк ташуучу Хово (В 9535 АI) унаасы кагылышкан. Мунун кесепетинен 5 адам каза болуп, 7 адам түрдүү жаракаттарды алган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, алардын айрымдарынын өздүгү аныкталды. Тойота Эстима унаасында 12 адам болгон, жол кырсыгынан 3 чоң киши жана 2 жаш бала каза тапкан. Хово унаасындагы 2 адам эч кандай жаракат алган эмес.

Каза болгон 5 жаран:

1. Атабек кызы Айгерим, жүргүнчү (Алай районунун Күнгөй айылынын тургуну, 2000-жылы туулган);

2. 3 айлык наристе (өздүгү тактала элек);

3. 25-30 жаштардагы аял (жүргүнчү, өздүгү тактала элек);

4. 6-7 жаштагы бала (жүргүнчү, өздүгү тактала элек);

5. Эркин Кыпчакбаев, жүргүнчү (Ош облусунун Кара-Суу райондук ИИБинин аймактык тескөөчүсү, милициянын капитаны).

Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилген 7 жаран:

1. Кошоев Каныбек Тыныбекович (Тойота Эстиманын айдоочусу, Алай районуна караштуу Арпа-Тектир айылынын тургуну, 1989-жылы туулган);

2. Бахриева Жайнагүл Махмуджановна (айдоочунун жубайы, Араван районуна караштуу Төбө-Коргон айылынын тургуну, 1990-жылы туулган);

3. Тыныбеков Алинур Каныбекович (айдоочунун уулу, 2013-жылы туулган);

4. Тыныбекова Назерке Каныбековна (айдоочунун кызы, 2015-жылы туулган);

5. Эсенов Алихан Эркинбекович (жүргүнчү, Ош шаарынын тургуну, 2006-жылы туулган);

6. Эсенов Абдысамат Эркинбекович (жүргүнчү, Ош шаарынын тургуну, 2013-жылы туулган);

7. Касымов Семетей Ормонбекович (жүргүнчү, Ош шаарынын Кара-Суу районуна караштуу Совхоз айылынын тургуну, 1978-жылы туулган).

Шаардык оорукананын кызматкерлери жаракат алган жарандарды кабыл алып, биринчи тез жардам көрсөтүлүп, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды.

Оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу - Бишкек шаарынын Бакай-Ата жаңы конушунун тургуну, 1985-жылы туулган Нусупов Мирлан Жуматаевич жараат алган эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(12)
14.09.2016. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
охх журогум, копчулугу жаш балдар экен эле да. Бироонун аманат жанына жооп бере турганын билген сон акырын айдаса болмок. Жаткан жеринер жайлуу болсун периштелер... Калганына аман соолук, тезирээк сакайып кетишсин...
14.09.2016. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Айдоочу жаш бала турбайбы,опкосун колуна кармап алып айдайганда.Аябай коп адам алган экен озу дагы.
14.09.2016. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жарма саткан жерге жетпей поворот бар ошол жерден болуптур, капчыгайдан чыкканда бир км дай туз жол бар ошол жерден катуу айдап барган го.Жакын туугандарына сабыр берсин, жаракат алгандар сакайып кетсин.
14.09.2016. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аааааииии кудай аай
14.09.2016. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
7,8 орундуу машинага 12 адамды салганын... Жараткан күнөөлөрүн кечирип, калгандарга, жакындарына сабыр берсин...
14.09.2016. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Isken.der,кобу жаш балдар болгон учун батканда,жол киреден ономдош учун ата энелер балдарын алдына отургузуп алышса керек же
14.09.2016. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оо жараткан кудай,жаракат алгандарга омур бер айыгып кетишсин.Шейит кеткендердин жайы жаннаттан болсун, жакындарына конул айткым келет. Ушундай авариялардын копчулугу жаш айдоочулардан и туура эмес обгондон келип чыгат. Кыргыз элим аман бололу , жолдо сылык урмат болсун бири бирибизге.
14.09.2016. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин бололор болот эле
14.09.2016. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда эмне учун балдар учун автокресло алып журушпойт?! МАИ кызматкерлери катуурак чара коруп,талап кылса балким мынча жаш баланын омуру кыйылбайт беле ....? Жаткан жерлери жайлуу болсун ((((
Zainka түзөттү 2016-09-14 15:32:33
14.09.2016. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул окуя туралу. Дагы. Малыматар же видо болсо кабарлап койглач
14.09.2016. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видео
14.09.2016. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жалан балдар экен бей куноо кете беришти..эмне мынча кундо авария болуп кырылып жатабыз,абайлагылачы деги сактансан сактайм дейт саа бололу...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: