super.kg logo

Баткен районунун Чоң-Кара айылында 52 миллион сомго курулуп жаткан чек ара тозоту жылдын аягында ишке кирет

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев чек ара аймактарынын жана чек ара тозотторунун абалы менен жеринде таанышуу максатында Баткен жана Кадамжай райондорунда иш сапары менен болду. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

"Баткен районунун Чоң-Кара айылындагы чек ара тозотунун курулушу 2015-жылы башталган. Республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жаткан объектинин жалпы сметалык баасы 52 миллион сомду түзөт. Бул тозот ушул жылдын аягына колдонууга берилүүсү күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Абиш Халмурзаев Кыргыз-Кыштак айыл аймагында жаңыдан салынып жаткан конторанын капсула таштоо аземине катышканы белгилүү болду. Аталган имарат мамлекет тарабынан каржыланып, жалпы сметалык баасы 6 миллион 372 миң сомду түзгөн.

Облус жетекчиси иш сапардын алкагында Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагындагы Бүргөндү өрөөнүн өздөштүрүү аракеттери менен да таанышкан.

"Ак-Турпак айыл аймагында КРнын Өкмөтүнүн колдоосу менен түрк грантынын эсебинен бүгүнкү күндө 3500 гектар жер аянтын өздөштүрүү аракеттери жүрүп жатат. Ал үчүн узундугу 114 чакырым болгон канал курулуп, суу жеткирүү иштери уланууда. Облус жетекчиси жергиликтүү бийлик ээлерине турак жай үчүн берилүүчү аймакты биринчи иретте суу, жол, электр энергиясы менен камсыздоо маселелерине артыкчылыктуу маани берүүнү тапшырды", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: