super.kg logo

"Тынчтык миссиясы-2016" машыгууларына Кытайдын 50 аскер техникасы жана 300дөй аскер кызматчысы келди

 

Балыкчыдагы "Эдельвейс" аскер полигонунун аймагына Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин аскердик контингенттери келе баштады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 15-сентябрынан 21-сентябрына чейин "Эдельвейс" аскер полигонунда биргелешкен аскердик террорго каршы "Тынчтык миссиясы-2016" командалык-штабдык машыгуусу болот.

Үстүбүздөгү жылдын 10-14-сентябрларында ШКУга мүчө мамлекеттердин аскердик контингенттеринин келүүсү пландалган. 10-сентябрда Орусия аскердик контингентинин негизги бөлүгү келген. Бул контингенттин аскерлеринин экинчи бөлүгү бүгүн, 14-сентябрда келери күтүлүүдө.

"13-сентябрда Кытай Элдик Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик контингенти курамындагы 50 аскер техникасы жана 300гө чейинки аскер кызматчысы менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүп, Балыкчы шаарына келди. Тажикстандын аскердик контингенти 13-сентябрь күнү кечке чейин Балыкчы шаарына келери пландалган", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик контингенти Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан 14-сентябрда өтөт жана ошол эле күнү түшкө чейин машыгуу уюштурулуучу жерде болушары маалым.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.09.2016. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Суйлошуп Кытайлыктардын техникаларын алып Баткендеги аскер болукторго жибергиле.
14.09.2016. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Alixan-Nookat.2015,сага эмне баары эле кыргыздай дейсинби сураганын бере Берген аларды кытай деп койот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: