Депутат Ош-Бишкек унаа жолундагы кырсыктар эмне себептен болуп жатканын изилдөөнү суранды

Жогорку Кеңештин 14-сентябрдагы жыйынында депутат Сайдулла Нышанов Ош-Бишкек унаа жолундагы кырсыктар эмне себептен болуп жатканын изилдөөнү суранды.
"Бишкек-Ош унаа жолунда акыбал өтө коркунучтуу болуп калды. Чоң кырсыктар болуп, бир топ адам каза болду. Ошого байланыштуу жолго МАИчилерди койдурсак, пара алуу көбөйөт, ал эми коркунуч азайбайт. Парламенттин тиешелүү комитети бул маселени карап, терең изилдеш керек. Айдоочулук күбөлүктөрдү берүүнү тартипке салыш керек", - деди Нышанов.
Айта кетсек, кечээ, 13-сентябрда саат 14:15 чамасында Кара-Көл шаарында Бишкек-Ош унаа жолунун 377-чакырымында кырсык болгон. Анын натыйжасында 5 адам каза болуп, 7 адам ар түрдүү жаракаттарды алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
2

