super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев: "КСДП коалициялык көпчүлүктөн өзү чыгып кетсин, "Ата Мекен" чыкпайт"

 

Жогорку Кеңештин жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жалпы депутаттарга кайрылып, коалициялык көпчүлүктөн КСДП фракциясы өзү чыгып кетүүсүн сунуш кылды. Депутат "Ата Мекен" коалициялык көпчүлүктөн чыкпай турганын баса белгиледи.

"Өлкөнүн тагдырын коалиция чечет, бирок коалиция барбы же жокпу деп сурагым келип турат. Төрт айдан бери лидер шайлана элек. Шайлана турган адам ушул жерде туруп "чыгып кет" деп жатат. Бири-бирибизди сыйлашыбыз керек. "Ата Мекен" коалициядан чыкпайт, КСДП кеңешип, өзү чыгып кетсин", - деди Текебаев.

Андан кийин Текебаев өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин Курман айт намазында сүйлөгөн сөздөрүн сынга алды.

"Кадырбаев Курман айт намазында "Атамбаевди сындагандарды Кудай жазаласын!" деп каргады. Бири-бирибизди каргай турган күнбү? Бишкекте өткөн Курман айтта өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков элди Алмазбек Атамбаевдин атынан куттуктап жатат. Ал эмне, президенттин катчысы болуп калдыбы? Өкмөт башчы өзүнүн атынан сүйлөшү керек. Бул бийликтин башка жакка көчкөнүнүн далили", - деди Текебаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: