super.kg logo

Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова: "Учурда өлкөдө үй-бүлө статусу талкаланып, 14 жашынан боюнан алдыргандар көбөйүүдө"

 

"Кыргыз жеринде аялдардын укугу мурдагыга салыштырмалуу 2 эсе тебеленип, үй-бүлө статусу талкаланып, кароосуз калган балдар, 14 жашынан боюнан алдыргандар көбөйүүдө. Андыктан кыргыз өкмөтүн, коомчулуктун көңүлүн мына ушундай көйгөйлөргө буруубуз зарыл", - деп билдирди укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова бүгүнкү маалымат жыйынында.

"Өлкөдө ички, сырткы миграциянын өсүшү менен үй кызматында иштеп түрдүү зордук-зомбулуктарга кабылгандар көбөйүүдө. Алардын басымдуу бөлүгү аялдар жана жаш балдар. Балдарын жакын туугандарына, чоң ата, чоң энесине таштап кетишет. Андыктан мен коомчулуктун көңүлүн кароосуз калган балдарга бургум келет. Алар үй-бүлөдөгү жана сексуалдык зомбулуктарга кабылып жатышат. Телефондон талак берүү да өнүккөн. Ошентип, жаш кыздар колундагы балдары менен эч нерсеси жок көчөдө калып жатышат", - дейт укук коргоочу.

Ал эми Москвадагы өрттөн каза болгон 17 адамдын өлүмү боюнча буларга токтолду:

"Ооба, бийликке чоң күнөө тагылды. Биз да бул нерсеге кошулабыз. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Москвадагы өрт боюнча Орусиянын Тергөө комитетине кайрылбаганы мени таң калтырды. Андыктан бул маселенин толук изилденип чыгышына кызыкдарбыз. Журналисттер, коомдук уюмдар бул нерсени көз жаздымда калтырбай акырына чейин чыгарышса".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
14.09.2016. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура, окунучтуу!
14.09.2016. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооздо эле айтылып калып жатат иш жузуно ашса жакшы болмок жана зордук зомбулук боюнча да койгойлор чечилсе.Антпесе коп элге уят болуп баратабыз.
14.09.2016. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан бир кунообуз жаш кыздар оздору да эрте жетилгиси келип жасанып жигиттен жигит тандашууда!
Бир куну суйом куйом десе жатып алат анан эмне болуп кетсе да баары кеч болуп, кээде кыска ойлуулук менен болоор иш болду деп жатып журо берип боюнда болуп калат. Анан аборт кылышат.
Ал эми зордук зомбулука кабылган балдар окунучтуу...
14.09.2016. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aytur,
Ошол тартип маселесин да колго алат да мектеп окуучусу мектептен уйго .Жашы жете электерге мункун эмес деп эле жашылып иш жузундо аткарылбай жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: