Бишкекте Кытай консулдугу жарым айдан бери иштебей турат

Үстүбүздөгү жылдын 30-августунда Бишкек шаарында жайгашкан Кытай элчилигинде болгон жардыруудан кийин аталган өлкөнүн консулдугу иштебей, кыргыз жарандарына виза берилбей калган.
14-сентябрда Кытай өлкөсүнүн тышкы иштер министри Ван И менен телефон аркылуу сүйлөшүү өттү. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты.
Сүйлөшүүдө Кытай элчилигинде уюштурулган теракт боюнча иликтөө иштери, сепаратизм жана терроризмге каршы биргелешип күрөшүү тууралуу талкуу болгон. Андан сырткары кыргыз тарап Кытайдын тышкы иштер министринен консулдук бөлүмдү эртерээк ишке киргизүүнү суранган.
Эскерте кетсек, бул жардырууга 5 адам шектелип кармалып, 4 адам издөөдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.