super.kg logo
  Саясат  

КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын жана өкмөт өкүлдөрүнүн тар чөйрөдөгү жыйыны өтүп жатат

 

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн тар чөйрөдөгү мааракелик саммити Бишкектин четиндеги "Ала-Арча" резиденциясында жабык форматта өтүп жатат. Анда президенттердин КМШнын 25 жылдыгына байланыштуу билдирүүсү, жаңы реформаларга келүүсү, КМШнын кийинки төрагалыгы жөнүндө жана кезектеги жыйынын өткөрүү каралган. Президент Алмазбек Атамбаев конокторду КМШнын 25 жылдыгы менен куттуктап, талкуу учурунда каралып жаткан маселелер боюнча орток пикирге келүүгө чакырды.

Андан кийин кенен чөйрөдөгү жыйын өтөт. Президенттик аппараттан кабарлашкандай, программага ылайык, жыйын аяктагандан кийин талкуусуз кол коюуга 9 маселе киргизилген.

КМШ саммитине Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Армениянын президенти Серж Саргсян, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Молдовадан премьер-министр, Өзбекстандан тышкы иштер министри, Түркмөнстандан биринчи премьер-министр, Украинадан элчи катышууда.

1991-жылы түзүлгөн КМШга быйыл Кыргыз Республикасы төрагалык кылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: