Чубак ажы Жалиловдун апасы 64 жаш курагында дүйнө салды

Экс-муфтий Чубак ажы Жалиловдун апасы Гүлжамал Сакыева дүйнө салды. Ал 64 жашта болгон. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда анын жардамчылары кабарлашты.
Маалым болгондой, маркум эртең Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районуна караштуу Баймундуз айылында жерге берилет.
Дүйнөдөн мезгилсиз кайткан Г.Сакыеванын үй-бүлөсүнө жана жакындарына SUPER.KG порталынын эмгек жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Жаш экен эле ,эми короорундо комулуптур, эх жараткан! (((
Жакшы адамдын омуру кыска болот тура.
Аалымыбызга терен кайгыруу менен конул айтам!