super.kg logo
  Саясат  

Депутат Чолпон Султанбекова өкмөт өкүлдөрүнө "маселе чече албасаңар кеткиле" деп айтты

 

Депутат Чолпон Султанбекова Жогорку Кеңештеги Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында коңшу өлкөлөрдө бир канча жылдардан бери камакта отурган Кыргыз Республикасынын жарандары боюнча көйгөйдү көтөрдү. Депутат жыйында тышкы иштер министринин орун басары Азамат Үсөнов менен ички иштер министринин орун басары Курсан Асановго кайрылып, эки министрликтин ишин сынга алды. "Үңкүр-Тоо боюнча айтсам, биздин төрт жараныбыз Өзбекстанда бир канча күн чыгарылбай жатты. Алардын жарандары кармалса, бир мүнөткө жетпей чыгарылып кетет экен. Эмнеге биздин жарандар камалып, алардыкы камалбашы керек?" - деп суроо салды.

Султанбекова Курсан Асановдун "кармалган жарандарыбызды дароо алып чыгып кетүүгө биздин мыйзамдар жол бербейт" деген жообуна канааттанбай: "Коңшу өлкөлөрдө 10 жылдап камалып отурган жарандарыбыз бар. Ата-энелери "балам барбы, карап берип койгулачы" деп өтүнүп келишет. Маселе чече албасаңар кеткиле да", - деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: