super.kg logo
  Саясат  

КҮНСЕРЕП: Бишкек мэри жерди мыйзамдуу алып, президентке мыйзамдуу сатканын далилдей албай убара

 

Бүгүн, 19-сентябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Президент Алмазбек Атамбаев 60 жашка чыкканын күркүлдөр жана кызмат акысы асман чапчыган ырчы-чоорчулар менен белгиледи. Ажону куттуктоо үчүн олигархтар Муса Бажаев, Aлижан Ибрагимов жана Александр Машкевичтин келгенин 24.kg маалымат агенттиги жазып чыкты. Буга катар орусиялык атактуу ырчы Филипп Киркоров да чакырылып, өнөрүн тартуулап кеткени белгилүү болду. 1 саат ырдап бергени үчүн эле 100 миң еврого чейин гонорар алган Филипп Киркоров кезинде Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун туулган күнүндө да ырдап бергени белгилүү. Бул жагынан алганда кыргыз ажосу түркмөн башына жанашкысы келип жаткан көрүнөт. Бердымухамедов да Атамбаев сыяктуу ырдаганды жактырат. Түркмөнстанда өткөн аптада жаңы Баш мыйзам кабыл алынды. 2020-жылга чейин кол тийгис болсун деген Конституцияны Алмазбек Атамбаев да өзгөртүүгө камынып-чамынып жаткан кези...

Бүгүн Өмүрбек Текебаев маалымат жыйын өткөрүп, учурда түзүлүп жаткан саясий кырдаал тууралуу пикири менен бөлүштү. Анда башкы “ата мекенчи” 2010-жылы Алмазбек Атамбаевдин өзбек диаспорасынын өкүлдөрү менен өткөн жолугушуулары тууралуу кеп козгоду. Эл өкүлүнүн айтымында, өзбек диаспорасынын өкүлдөрү Убактылуу өкмөттүн жетекчилиги менен мамлекеттик имаратта расмий жолугушкан. “Андан соң аларды Алмазбек Атамбаев 5-июнда “Форум” имаратына жолугушууга келгиле деп чакырган. Эмне үчүн Башкы прокуратура бул жагдайды иликтебейт?” - деп суроо салды Текебаев. Депутат Алмазбек Атамбаев Кадыржан Батыровдун сунушу менен бир катар адамдарды кызматка койгонун Жалал-Абаддын экс-губернатору Бектур Асанов билерин айтты. Ошондой эле Текебаев Атамбаевдин Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылына салдырып жаткан хан сарайдын жер тилкеси боюнча да токтолду. Эске салсак, эл өкүлү бул жер тилкеге убагында Максим Бакиев ээлик кылып турганын расмий эмес булактарына таянуу менен ачыкка чыгарган. Мына ошол жер тилкени президентке 33 миллион сомго саткан Бишкектин мэри Албек Ибраимовдун жубайы салык катары 700 миң сом төлөшү керек. Бирок салык төлөгөнү жөнүндөгү маалымдаманы коомчулук бир аптадан бери күтүп жатат. Эгерде жер тилкенин сатылганы мыйзамдуу болсо, бардык процесс таза жүрсө, эмне үчүн салык төлөнгөн деген документти көргөзүү кыйынчылык жаратууда?

Бүгүн коомдук активист, 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы болуп кызмат аркалаган Эдил Байсалов да маалымат жыйын өткөрүп, аны камакка алуу аракети жүрүп жатканын айтып чыкты. "Фергана ньюс" агенттиги Кыргыз мамлекетинин УКМКнын өкүлдөрү Өзбекстанга барып, Июнь окуясы үчүн соттолгон Карамат Абдуллаева, Иномжан Абдирасулов, Жалалиддин Салахутдинов менен жолугушуп, аларга Эдил Байсалов менен Роза Отунбаевага каршы видеокайрылуу жасоо сунушун бериптир", - дейт Байсалов. "Фергана ньюс" агенттиги кыргыз чекисттери жогоруда айтылган жолугушууда "Роза Отунбаеванын жетегинде барып, 2010-жылы этникалык жаңжал чыгарганбыз" деп видеокайрылуу жасап бергиле" деп суранганын жазып чыкты. Негизинен "Фергана ньюс" агенттиги өз булактарына таянып, чуулгандуу маалыматтарды ачыктап келет. Өзбекстандын президенти болуп турган Ислам Каримовдун каза болгонун алгач ушул агенттик жазып чыккан. Буга чейин Эдил Байсалов интернеттеги өз баракчалары аркылуу бийликке ачуу сын-пикирлерди, анын ичинде Конституцияны өзгөртүүгө каршы ойлорун жазып келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: