super.kg logo
  Саясат  

Президенттин басма сөз кызматы Алмазбек Атамбаевдин жүрөк оорусу кармап, Түркияда ооруканага жаткырылганын кабарлады

 

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы Алмазбек Атамбаевдин жүрөк оорусу кармап, Түркияда ооруканага жаткырылганын кабарлады. Мындан улам Атамбаев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 71-сессиясына катышпай тургандыгы маалымдалды.

Президенттик аппараттын билдирүүсүнө караганда, Бишкектен Нью-Йорк шаарына сапары учурунда кыргыз делегациясы Ататүрк атындагы аэропортко конууну пландаган.

"Өлкө башчы өзүн жаман сезип баштаганына байланыштуу ал алгачкы медициналык текшерүүдөн өткөн. Кароодон соң дарыгерлер өлкө башчы тез арада дыкат медициналык текшерүүдөн өтүүсү зарыл экендигин жана жүрөк оорусунун белгилери байкалганын билдиришкен. Буга байланыштуу Алмазбек Атамбаев медициналык кароодон өтүп, бир топ убакытка чейин дарыгерлердин көзөмөлүндө болот", - деп айтылат маалыматта. Ал эми БУУнун Башкы ассамблеясынын 71-сессиясына сапар алган кыргыз делегациясын тышкы иштер министри жетектеп бармакчы.

Бул маалымат учурда интернеттеги социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат. Атамбаевдин ооруп калганына ишенбеген интернет колдонуучулар "бул элдин аёо сезимин козгош үчүн атайын жасалган трюк", "Эмне үчүн Түркияга жеткенде ооруп калды? Саясий оюн" дешсе, боору ооругандар "ажобуз сакайып кетсин" деген каалоолорун айтышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 9 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: