super.kg logo

Жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу департаменти: "Чупакабра деген жаныбар жок"

 
Кочкор районунда 2014-жылы чупакабра деп атылган жаныбар
Баткендин Кызыл-Бел айылында чупакабра деп атылган жаныбар

Чупакабра деген жаныбар жок. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда SUPER.KG порталына Жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу департаментинин бөлүм башчысы Талант Турдуматов билдирди.

"Биздин департаментте чупакабра деген жаныбар катталган эмес. Негизи, мындай жаныбар жок. Чупакабра деген түшүнүк буга чейин маалымат булактарына чыгып кеткенден кийин пайда болгон. Эрте жазда чөөлөрдүн, иттердин жүнү түшүп, коркунучтуу көрүнүп калат. Жаз алды менен жаныбарлардын баары арык болот. Адамдар ит менен чөөнүн ушундай абалдагысын көрүп чупакабра деп атап жаңылып жүрүшөт", - деп билдирди Турдуматов.

Мындан тышкары Турдуматов "чупакабра - ит менен чөөлөрдү аргындаштыргандан кийин пайда болгон жаныбар" деген версия да чындыкка дал келбестигин айтты.

Айта кетсек, бүгүн окурман Баткен облусунун Кызыл-Бел айылынын тургундары малдын канын соргон жандыкты атып өлтүрүшкөнүн SUPER.KG порталына билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(9)
20.09.2016. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыр куз мезгили го?
20.09.2016. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чупакабра кан эле ичеби ?
20.09.2016. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биринен өтүп бири кыйын
20.09.2016. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Анда эми ушундай жаныбар бар экен деп каттап койгула, китебиңерге!
20.09.2016. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Андай жандык жок. Эгер бар болсо өнүккөн 21-кылымда эч ак эле аны таап, каттап коюшмак. Баткендеги табылган жандык итке эле окшошуп турат. Просто өлгөнүнө көп болгон жандыктар ушинтип катып калышат.
20.09.2016. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экоонун айырмасы бар экен бутарынан да.Ошто былтыр ушундай окуя болуп бирок алар ит болуп чыккан эле ,ар турдуу иттер.
20.09.2016. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иттин эле баласы го☺
21.09.2016. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ит эмес чоо бул!
21.09.2016. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Андай жаныбар жок экенин мурда эмне айткан жок. Интернеттен чупакабра деп издетсен жайнап чыгып атпайбы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: