super.kg logo
  Саясат  

Депутат Дастан Бекешев улгайган жарандар да зордук-зомбулуктан коргоого муктаж экенин көтөрүп чыкты

 

Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 30 жаштагы жарандын өз атасын зордуктоого шектелип жатканын мисал кылып, өлкөдө улгайган адамдарга карата зордук-зомбулук күчөп жаткандыгы боюнча маселеге токтолду. Жыйында жашы жете элек балдарга карата кылмыш кылгандарга жаза чарасын күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору талкууланып жаткан.

Бекешевдин айтымында, аталган мыйзам долбоору жашы жете электердин гана укугун коргоону камтыбастан, улгайган жарандардын да укугун камтышы керек. "Мыйзам долбооруна "жашы жете электерге" деп эмес, "жардамга муктаждар үчүн" деп өзгөртүү киргизсек туура болмок. Себеби акыркы учурларда улгайган адамдардын зордук-зомбулукка дуушар болуп жатканы аябай көп болууда", - деди Бекешев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: