super.kg logo
  Саясат  

Премьер-министр: "Москвадагы өрттөн каза болгон 6 аялдын 11 баласы калган"

 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 27-августта Москвадагы өрт кырсыгынан каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандары боюнча үч багытта иш жүргүзүлүп жатканын Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Бул маселе окуя болгон күндөн бери өзүнүн көзөмөлүндө турганын айтты.

"Өрт кырсыгы боюнча тергөө иштери жүрүп жатат, 20 тергөөчү иш алып барууда. Кыргыз өлкөсүнүн Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү, элчилиги, Миграция кызматы тергөө тобу менен тыгыз иштеп жатат. Мындан тышкары каза болгондордун жакындарына жана жаракат алган үч жаранга компенсация төлөтүп берүү, дарыларга кеткен каражатты алып берүү каралган. Ошондой эле өрт болгон күнгө чейин иштеген 55 Кыргыз өлкөсүнүн жаранына айлыктары төлөнүп берилди", - деди Жээнбеков.

Андан сырткары каза болгондордун балдарын коргоого алуу боюнча маселеге токтолуп, колдоо көрсөтүү үчүн эсеп ачылганын кошумчалады: "6 аялдын 11 баласы калган. Анын ичинен 7 бала 12 жашка чейин болсо, 2 бала 18 жашка чейинкилер, 2 бала бойго жеткен балдар. Аларды колдоо үчүн ар бирине өз-өзүнчө депозиттик топтолмо эсеби ачылды. Акча топтолуп, 18 жашка чыкканда гана ала алышат".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: