"Ырларымды ырдап жүргөндөр менден уруксат алып коюшса жакшы болмок" дейт ырчы Гүлнара Тойгонбаева



Бүгүн, 22-сентябрда Бишкекте "Пиратка жол жок-2016" акциясы өткөрүлөт. Акциянын уюштуруучуларынын бири, ырчы Гүлнара Тойгонбаева коомдо болуп жаткан пираттык көрүнүштөр, авторлордун укугу тууралуу маалымат жыйында буларга токтолду: "Пиратка жол жок" концерт акциялары жыл сайын өтүп келет. Бул нерсени бир жылда бир маал эмес, ар убак өткөрүп туруш керек деп ойлойм. Авторлордун эмгегин, талантын бааласаңыздар, лицензиясы бар дисктерди сатып алгыла дегенди ар бир адамга жеткирсек. Менин ырларымды аранжировкалап, тойлордо ырдап жүргөн жаштар бар экен, бирок менден келип уруксат сурашкан эмес. Жок дегенде келип уруксат сурап же айтып коюшса жакшы болмок. Учурдагы пираттык уурдоолор кадимки көрүнүш. Биздин өлкөнүн экономикасы жогорулап, коом өзгөрсө, бул нерсе акырындап жоголот деп ойлойм".


Жакшы деле ырлары жок.
Тойго эч ким чакырбаса керек
Звезда сезип алгандар
До+фа тасмасында жакшы роль ойногон
бирок ырлары начар, голос неприятный
Тойго чакырсан бекер эле ырдаса керек
Бек, Сыймык, Нурлан Насип ушул сыяктуу
популярный ырчылар акция уюштуруп пиратка
Жол жок дешсе жарашмак. Анан ушундай звезда
Сезгендерге кулкун келет. Оздору бир аз
ойлонуп коюшса деймда. Озу эле барып менин
диским барбы алат элем десе таппаса керек.
Ой боорум ))))
Туура буга эмне жок десен акция кылып,
Озун бираз болсода пияр кылайын
дептирда эжебиз
кнопканы басып откоруп ийчу
Айтканын 100% туура. Бирок каталарынды
Коруп минус баскым келди, бирок сага плюс!