super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш эл аралык уюмдун жыйынында сөз сүйлөгөн Кадыржан Батыровго саясий баа берет

 

2010-жылкы Июнь окуясына күнөөлөнгөндөрдүн бири Кадыржан Батыров 20-сентябрда ЕККУнун жыйынында сүйлөгөн сөзү үчүн бүгүн парламент депутаттары маселе көтөрүп, ага саясий баа берүү керектигин айтышты. Алгач Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет карап, андан кийин комитеттин сунушу менен жалпы жыйында талкууланмак. Бирок комитет кийинки аптада аталган уюмдун жыйынына катышкан Кыргыз мамлекетинин делегациясынын маалыматын угуп, андан кийин корутунду чыгармай болду.

Комитетте Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин жана Тышкы иштер министрлигинин маалыматы угулду. ИИМдин өкүлү Батыров менен байланышы барлар суракка чакырыларын, алар тергөөдө көрсөтмө беришерин айтты. Ал эми Башкы прокуратуранын өкүлү Батыров 5 жылдан бери Швецияда жашап жатканын, аны өткөрүп алуу боюнча иштер натыйжасыз болуп жатканын белгиледи.

Кадыржан Батыров ЕККУнун жыйынында Конституцияны өзгөртүүгө каршы экенин айтып, улут аралык маселе боюнча сөз сүйлөгөн. Эскерте кетсек, Кадыржан Батыровго "2010-жылдагы Ош окуясын уюштурууга катыштыгы бар" деген айып тагылып, сыртынан соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: