Өмүрбек Текебаев журналисттерге мүлктөрүн санап берди

"Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев өзүнүн кыймылсыз мүлктөрү боюнча КТРКдан каралоо жүрүп жатканын бүгүн, 23-сентябрда SUPER.KG порталы тарабынан берилген суроого жооп берип жатып билдирди. Депутат бүгүн "Манас" аэропортуна болгон пресс-тур учурунда Бишкекте 2 батири жана 1 курулуп бүтө элек үйү бар экенин айтат.
"Азыркыга чейин 3 бөлмөлүү батирде жашайм. Жакында чоңураак, аянты 120 чарчы метр болгон 3 бөлмөлүү батир сатып алдым, ага жакында көчүп барам. Эски батирди сатып, карыздарымды жабайын деп жаткам. Мен дагы 60 жашка чыктым, мен дагы мамлекетти түптөгөнгө салым коштум. Бирок менин коңшуларым президенттик аппаратта иштеген жаш балдар. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков менден жогорку кабатта 180 чарчы метрлик батирде турат. КТРК ошолорду деле көрсөтүп койбойбу? Ошондой эле Орто-Сай-2де үй салып жаткам, 5 жылдан бери бүтпөй жатат. Дагы 5 жылдан кийин бүтүп калат деген ойдомун. Андан сырткары Бишкектин Фрунзе жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде 7 сотых жерде кеңсем бар. Ал Курманбек Бакиевдин убагында деле бар болчу. Туугандарымдын Чычкан капчыгайында чакан ГЭСи бар. Кыргыз мамлекети 20 жылдан бери ГЭС кура албай келет. Эгерде азыр ким чакан ГЭС курса кол чаап, "азамат" деш керек. Кылмышты ачкандай, "ачылган мүлк" деп көрсөтүп жатышат. Мунун баарын декларациямда көрсөткөм", - деди Текебаев.
Өмүрбек Текебаев журналисттерге мүлктөрүн ачык айтып, санап берди



