super.kg logo

ТЕСТ: Кыргыз тилин канчалык деңгээлде билесиз?

 

23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнү. 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети атайын мыйзам кабыл алып, кыргыз тилине “мамлекеттик тил” макамын ыйгаруу менен эгемендүү мамлекетти курууга чоң арыш жасаган. Мындай даталуу күн SUPER.KG порталы үчүн өзгөчө мааниге ээ, себеби Кыргыз өлкөсү боюнча кыргыз тилдүү маалымат булактарынын ичинен портал эң алдынкы маалымат каражаты катары калыптанган. Бардык колдонуучуларды Мамлекеттик тил майрамы менен куттуктап, кызыктуу тест сунуштамакчыбыз. Сизге ийгилик каалайбыз!






1."Кыл курт" деген фразеологизмдин маанисин белгилеңиз.

Жер-жемиштин ичиндеги курт

Ичке кирип алып, билинбей иш бүтүрө берген душман

Камырдан кыл сууругандай күнөөсү жок чыга келген адам

Тамак-ашты ылгап, аз ичкен адам

2.Эки дөө согушса... Макалды улаңыз.

Биринин омурткасы сынат

Ортосунан от чыгат

Ортосунда чымын өлөт

Эл экиге бөлүнөт

3.Кыргыз алфавитинде канча үндүү тамга, канча созулма үндүү тамга бар?

8 үндүү, 6 созулма

12 үндүү, 8 созулма

6 үндүү, 6 созулма

10 үндүү, 6 созулма

4.7 атанын аталыштары кандай?

ата, чоң ата, таята, жото, жете, буба, баба

ата, чоң ата, куба, буба, жете, жото, урпак

ата, чоң ата, баба, буба, куба, жото, жете

ата, чоң ата, чоң чоң ата, баба, буба, жото, жете

5.Төмөнкү сөздөрдүн кайсылары кошмок сөздөргө кирет?

ата-эне, бала-чака, узун-туура, кара ала

ыпыр-тыпыр, майда-чүйдө, ала-була, кызыл-тазыл

ызы-чуу, казан аяк, чай-пай, мал-сал, ага-тууган

чар тарап, боз үй, бака жалбырак, үч бурчтук

6.Сөздүн уңгусу деген эмне?

сөздүн маани бербей турган бөлүгү

сөздүн айрым бөлүктөргө ажыратып жиберүүгө мүмкүн болбогон бөлүгү

сөздүн эң башындагы 3 тамгасы

сөздүн маанисин башка мааниге алып келген мүчө

7.Синоним сөздөрдүн жыйындысын белгилеңиз.

ак-кара, узун-кыска, чоң-кичине

кара тору, беш бармак, сары май, көмөч казан

ичке-кууш, жоон-калың, шайман-курал, жубай-зайып

элес-булас, тукум курут, шиш така

8.Сүйлөмдүн кайсы вариантында тыныш белгилер туура коюлган?

Ооба, кесиптеш, айтканыңда калет жок, бүгүн эң маанилүү майрам эмеспи?

Ооба кесиптеш, айтканыңда калет жок, бүгүн, эң, маанилүү майрам эмеспи?

Ооба, кесиптеш, айтканыңда калет жок. Бүгүн эң маанилүү майрам эмеспи?

Ооба кесиптеш айтканыңда калет жок, бүгүн эң маанилүү майрам эмеспи?

9.Төмөнкү сүйлөмдөрдүн арасынан сырдык сөздөр катышкан сүйлөм кайсы?

Султанмурат Мырзагүлдүн майда өрүлгөн чачтарына суктана карап койду.

Бали, күн сайын өзгөрүүлөр көп, кечээги эле чала сабаттуу келин мына бүгүн дарыгер, депутат, пай-пай!

Чет өлкөдө окуп келгендин баары эле ылайыктуу жумуш таап кете алган жок.

Көпчүлүк жаштардын азыр кыргыз тилин билбегени абдан өкүнүчтүү.

10.Сөз түркүмдөрүн грамматиканын кайсы бөлүмү үйрөтөт?

Фонетика

Психология

Лексикология

Морфология


Текшер
Туура жооп
5
Ката жооп
5
Cуроолорго жооп бериңиз!
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(58)
23.09.2016. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
меники 7 туура жооп 3 ката болду. Демек жакшы эле билет окшойм :)
bekiw.801 түзөттү 2016-09-23 14:59:20
23.09.2016. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
9 туура, 1 ката чыкты. 10 үндүү бар деп коюптурмун.
23.09.2016. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байге барбы супер
23.09.2016. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары туура болду, суроолор эн жонокой...
23.09.2016. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
9 туура, 1 ката чыкты.
6.Төмөнкү сөздөрдүн кайсылары кошмок сөздөргө кирет? ушул жоопту билбейт экенмин))))
23.09.2016. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ваааув, туура жооп 10 дейт го))
26.09.2016. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
i-bilim, туура жообумду көрө албагандар көп го минус басып)))
23.09.2016. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы тест экен мага жакты ушул сыяктуу тесттерден дагы чыгарсанар болчудай экен.
23.09.2016. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мм
23.09.2016. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
6ты туура жооп мен отподум эгзаменден,супер ушундай суроо жооп кун сайын болсун сураныч ар предмедтен
23.09.2016. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин билим денгеелим томон экен 4, туура 6 ката ))) Кийин ондогондон кийин меники да 9 туура 1 ката болду
23.09.2016. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
7туура 3 ката
23.09.2016. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизинен суроолор 7-класстын программасы экен.
23.09.2016. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен баарына туура жооп бериптирмин,өтө жакшы экен,ушундай тесттерден чыгарып тургула
23.09.2016. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
8 туура 2 ката ))) кыл курт менен морфологиядан жанылдым!
23.09.2016. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ураа меники 10тен туура чыкты! Рахмат Супер! Кичине болсо да окуучулук кундорум эсиме тушту!
23.09.2016. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
4 туура 6 ката дейт го)))) Иий бетим. Жакшы тест экен
23.09.2016. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5 5
23.09.2016. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
3 туура 7 ката кыргыз тилин билбегендердин катарына кирет экенмин
23.09.2016. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы уят эле болдум.
23.09.2016. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Орточо экенмин. 6-4 болду
23.09.2016. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Мен Россияда жашаймын, мага кыргыз тилди жакшы билишим шарт эмес бирок, азыркы кундо жалпы элдин сабаты ото томондоп кеткен. Оа, кандайс и т.д.
24.09.2016. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
zheko, ошол билинип турат кимге айланып калганын.... Калганын айтпасан да эл тушунуп алды сенин ким экенинди...
23.09.2016. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки доо согушса ортосунан кара чымын кырылат деген макал туура эмес деп чыкты го менде.
23.09.2016. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
8-2, орус класста оқуған элем.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: