КҮНСЕРЕП: Атамбаев Москвага колдоо сураганы кеттиби?
Бүгүн, 23-сентябрь, күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
“Жүрөгү ооруп, дарыланып жатат” делген президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Түркияны таштап Орусияга учуп келгени белгилүү болду. Президенттик аппарат мамлекет башчысы дарылануусун Москвадагы Борбордук клиникалык ооруканадан уланта турганын билдирди. Албетте, анын абалына көз салып турган кыргызстандыктарда суроо жаралды. Мындай жер которуунун максаты эмнеде? Дарылануу курсу аяктай электе, тагыраагы, саламаттыгы толук калыбына келе электе кайрадан учакта жол жүрүүгө кандай зарылдык жаралганы азырынча белгисиз. Анын үстүнө Түркиянын медицина тармагын Орусияныкынан начар деп айтуу кыйын. Тажрыйбадан улам белгилүү, операцияга муктаж көптөгөн мекендештерибиз Түркияга барышат, билим берүүнүн сапатын баалап кыргыз студенттери Түркиядагы медициналык жогорку окуу жайларда билимин жогорулатып жатышат. Түркияда көп жылдар бою медицина тармагында иштеген Талантбек Батыралиев учурда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигин жетектөөдө. Аны министрлик кызматка дайындап жатканда 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңеште айрым депутаттар Батыралиевдин дал ошол Түркия медицинасында иштеген тажрыйбасын артыкчылык катары баалашкан. Кыскасы, Атамбаевди сакайтууга түрк дарыгерлеринин деле чамасы жетмек деген ой.
Бул арада кыргыз президентинин Москвага келишин түрдүүчө жоромолдогондор чыкты. Кыргызстандагы шайлоо жарыштарына аттанарда кыргыз лидерлеринин Орусияга барып, расмий Кремлден "бата" алып келмей адаты белгилүү. Оппоненттери тарабынан ашкере орусиячыл деп сындалган Атамбаевдин Москвага учуп келишин Кыргыз мамлекетиндеги азыркы саясий кырдаалга байланыштыргандар болду. Мисалы, блоггер Даниел Кадырбеков: "Президенттин Кремлге күтүүсүз сапары нааразычылыктар тереңдеп кеткен учурда күч колдонуу мүмкүнчүлүгүн макулдашарынан кабар берет. Бирок анын Кремлден колдоо табышы кыйын, буга алар кызыкдар эмес", - деген пикирин жарыялады. Мындай версияны биротоло четке кагууга мүмкүн эмес, анткени кыргыз бийлиги ири маселелерди Орусия жетекчилиги менен макулдашып чечүү адатынан дагы эле арыла электиги айтылып жүрөт. Кыргыз жеринде күтүлүп жаткан оппозиционерлерди камакка алуу операциясы орто жолдон үзгүлтүккө учурагандан кийин, президентте кийинки кадамдарды ойлонуу зарылдыгы жаралды. Өмүрбек Текебаев жайган сыйыртмак улам кысып келе жатат. Бишкектин мэри Албек Ибраимов негизги фигурант болгон жер тилке чуусунун аягына жетүү аракети күчүндө. Текебаевди камакка алуу оңой эместигин 2010-жылкы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев белгилеп, башкы "ата мекенчини" камакка алууга убагында Акаевдин да, Бакиевдин да эрки жетпегенин айтты. Азыркы президенттики да жетиши кыйын. Конституцияны өзү каалагандай, ийгиликтүү өзгөртүү үчүн Атамбаевге колдоо керек, бул колдоону Путинден тапкысы келдиби?..
Мамлекеттик телеканалдар 22-сентябрда Өмүрбек Текебаевдин кыймылсыз мүлктөрүн тизмелеп, эфирге атайын көрсөтүү чыгарышты. Мындай көрсөтүү даярдоого куудулдарды сындап атагы чыккан КСДПнын депутаты Мээрбек Мискенбаев багыт бергенсиди. Депутат 21-сентябрда парламент жыйынында кесиптеши Текебаевдин мүлктөрүн текшерип чыгууну өкмөттөн суранган эле. Ушуну эле күтүп тургандай өкмөттүк телеканалдар жабыла "ата мекенчиники" делген мүлктөрдү көрүүчүлөргө сунушташты.
Жакында КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү өзү каалаган материалды эфирден бердирүүнү катуу талап кыларын, анын айынан уруш-талаш көп болорун айтты. Бир күндө 3 телеканалдан Текебаевдин мүлкү жөнүндө маалыматтын берилиши кокустук эмес, 7-кабаттагылардан конкреттүү буйрук болгонуна окшошот. Көпчүлүк Атамбаевдин депутат Текебаев айткан олуттуу айыптоолорго далилдерди келтирүү менен жооп берүүсүн күтүп жатат. Конституцияга өзгөртүү киргизүү долбоорун окуп чыгып ага баа берүүгө чамасы, убактысы жеткен президент оппоненти тарабынан тагылган айыптоолорго үн ката элек. Тагыраагы, экинчи тараптан ынанымдуу жооп боло элек, болгону "Текебаевдин да мүлктөрүн көргүлө" деген ыкмада колдогу маалыматтык ресурсту пайдалануу аракети жүрүп жаткансыйт. Текебаев аталган көрсөтүүлөр боюнча пикирин ачыктады. Депутат телеканалдар санаган мүлктөрдүн айрымдары 2010-жылга чейин эле болгонун айтып, бардык мүлкүн көрсөтүп чыгуу үчүн журналисттерге пресс-тур уюштурууга даярдыгын билдирди. Ал эми "ата мекенчинин" мүлктөрүн текшертүүгө кызыкдар Мээрбек Мискенбаевге Текебаев тарабынан "7-Апрель окуясында курман болгон баатырларга таандык акчаны жеп койгон" деген айып коюлган.
кошулду


