super.kg logo

Ош шаарынын күнүндө 500 комузчу “Маш ботой” күүсүн ойнойт

 

Ош шаарынын күнүндө 500 комузчунун катышуусунда “Маш ботой” күүсү ойнолот. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, калаанын күнүн белгилөө борбордук аянтта театрлашкан оюн-зоок, концерттик программа менен башталат. "Байыркы Ош шаары - Улуу Жибек жолунун маданий борбору” аттуу тарыхый көрүнүш көрсөтүлөт. Андан соң хореографиялык музыкалык композициялар, маскарапоздор жана шар, көбүктөр шоусу орун алат.

"Шаардын өнүгүшүнө салым кошкон социалдык, экономикалык, өндүрүш тармактарынын өкүлдөрүнүн салтанаттуу жүрүшү болот. Саат 12:00дөн 15:00гө чейин “Алтын күз” жарманкеси өтөт. Анда өндүрүш ишканаларынын азык-түлүктөрү, жер-жемиштер, мөмө-жемиштер, сүт азыктары, дан эгиндери арзан, дүң баада сатылат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Саат 14:00дөн баштап борбордук аянтта шаардагы мекеме-ишканалардын, уюмдардын кызматкерлеринин жана шаар тургундарынын катышуусунда массалык чуркоо болот. Ошондой эле кол күрөш, ордо, аркан тартыш, оор таш көтөрүү боюнча мелдештер өтөт. Cаат 19:00дөн 23:00гө чейин борбордук стадиондо модалуу азем кийимдеринин көргөзмөсү ырчы, бийчилердин катышуусунда өткөрүлмөкчү.

Салтанатка чет мамлекеттерден коноктор, достук келишимдеги шаарлардын мэрлери жетектеген делегация мүчөлөрү, өкмөт өкүлдөрү, бардык облус, шаарлардын жетекчилери катышат.

Эске салсак, Ош шаарынын күнү 5-октябрда белгиленет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.09.2016. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буюрса барабыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: