super.kg logo

Дастан Бекешев: "Азиздер жана дүлөйлөр коомунун башчысы Мамбетакуновду мен камай албайм"

 

26-сентябрда Бишкекте Ак үйдүн алдына Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрү митингге чыгышты. Алар аталган коомдогу мыйзамсыз аракеттерди жөнгө салуу боюнча, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мандатын тапшырсын, Азиздер жана дүлөйлөр коомундагы иштерге аралашпасын, анын төрагасын коргобосун деген талаптарды да коюшкан.

Бул боюнча депутат Бекешев SUPER.KG порталына буларды билдирди:

"Митингге чыккандардын сөзү толук бойдон жалган, себеби мен Мамбетакуновду (ред. Калык Мамбетакунов Азиздер жана дүлөйлөр коомунун төрагасы) эч качан коргогон эмесмин. Тескерисинче, жумушчу топ түзүп, бүт мыйзамсыз иштерди ачыкка чыгардым. Ошол жумушчу топто митингге чыккан кишилер болгон. 22-июлда коомго отчёт бердим. Эми коом ишти өзү жүргүзүшү керек. Мамбетакуновду жоопко тарта албайм, андай укугум жок. Ким буларды митингге чыгарып жатканы белгисиз, бирок артында бирөөлөр турат. Далилдерим мындай: 1. Бир ай мурун алар түштүк аймактарга барып, ошол жерде ызы-чуу салышып, жыйындарда кыйкырып жүрүшкөн. 2. Бир ай мурун эки аял эки батирди басып алды, азыр ошол батирлерде жашап жатышат, милиция эч нерсе кылбай жатат. 3. Өткөн аптада дагы эки батирди алабыз деп, үйлөргө мыйзамсыз кирип баштаган, бирок милиция келип аларга эскертүү берди. 4. Алар сот аркылуу 225 батирге арест салышты, ага карабай митингге чыгып жатышат. 5. Жалган каттарды депутаттарга, өкмөткө, президентке жазып жатышат жана башкалар".

Кайсы тараптыкы туура экенин тийиштүү органдар териштириши керек. Бул чуу көптөн бери уланып келе жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.09.2016. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кудай деп эле жашаш керек да баары эле саясатчы болуп баратышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: