Активист: "Атамбаевдин "оң колу" батирди кайсы акчасына сатып алганын тергөө боюнча катты прокуратурага жөнөттүм"

"Президенттик аппараттын башчысынын орун басары Сапар Исаковдун батирди кайсы акчасына сатып алганын тергөө боюнча катты Башкы прокуратурага жөнөттүм", - деп бүгүн, 27-сентябрда активист Адил Турдукулов билдирди.
Активисттин айтымында, эгер тергөөнүн жыйынтыгында Исаковдун "мыйзамсыз байып кетүүсү" далилденсе, ал Кылмыш-жаза кодексине ылайык 5 жылга чейин камакка алынышы мүмкүн. "Атамбаевдин "оң колу" аянты 127 чарчы метрге барабар кымбат батирин кайсы акча каражатына сатып алганын айтып берүүсү зарыл. Мындан тышкары 2015-жылы Исаков 853 705 сом киреше тапкан, ал эми чыгашаларынын жалпы көлөмү 3 миллион 933 миң сомду түздү. Бул деле тергөөгө жана түшүндүрүүгө муктаж", - дейт Турдукулов.
Айта кетсек, кечээ, 26-сентябрда пресс-турдун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев Бөкөнбаев-Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйдөн үй-бүлөсү үчүн жаңы батир сатып алганын айтып, Сапар Исаков анын жаңы кошунасы экенин билдирген.












1 |