super.kg logo

Турмуш сыноосуна сынбаган Мээргүл Дөөлөтбаева 27 жылдан бери баспаганына карабай 2 баланы төрөп-чоңойтту (фото)

 
Мээргүл уулу Эламан менен
Каарманыбыздын колунан жасалган баш кийим
Мээргүлдүн эмгеги
Мээргүл токуган баш кийимдер
Мээргүлдүн уулу Эламандын мектептеги ийгилиги
Мээргүлдүн балдары Эламан жана Баястан

27 жылдан бери баспаган Мээргүл Дөөлөтбаева 2 баланы төрөп-чоңойтту. Ал бала кезинде ыр дүйнөнү багындырып, сахна адамы болууну эңсечү, бирок тагдырдын буйругу наристенин аруу тилектерин таш каптырды.

Каарманыбыз Өзгөн районунун Зергер айыл аймагынын Жаңы-Айыл айылынын тургуну. Учурда Ош шаарында эки баласы менен көп кабаттуу үйлөрдүн биринде ижарага алган батирде жашайт.

"2 жашымда дене табым көтөрүлүп, ооруп калгансың дешет. Апам айылдагы ФАПка алып барып укол сайдырган экен. "Күчтүү уколду көтөрө албай баспай калгансың" деп айтышкан. Апамдын айтымында, башкалардан эрте, 1 жашымда басып калган экенмин. Кырсык чалып, өмүр бою арабада отуруп калдым. Ошол убактарда ата-энем "жаман жерди басып алган турбайбы" деп эскичилик менен молдолорго окутуп, кийинчерээк ооруканаларга көрсөтүп жүрүшүптүр", - дейт Мээргүл Дөөлөтбаева.

Мээргүл учурда 29 жашта. Ушул жылдар аралыгында көптөгөн ооруканаларды кыдырып, басып кетүү жолдорун издеп, үмүтүн үзбөй келет. Анын буттары кыймыл жок болгон үчүн алсыз, бирок буттарынын сезүүсү өз ордунда.

Каарманыбыз 2007-жылы телефон аркылуу бактысын таап, кошуна жайгашкан Куршаб айылынын тургунуна 20 жашында турмушка чыккан. Анын буту баспаганына карабай кайын журту жылуу кабыл алып, жолдошу бапестеп багып келген. Бир топ жылдар бою бактылуу жашап, 2 уулдуу болушкан. Учурда Мээргүлдүн улуу баласы Эламан 2-класста окуса, кичүүсү Баястан 4 жашка толду.

"Менин бактыма технологиянын жетишкен заманы жардам берди. Телефон аркылуу бир жигит менен сүйлөшүп жүрдүм. Ал мени көрбөй туруп сүйүүсүн арнаган. Башында бутум баспайт деп да айткан эмесмин. Кийин ал үйлөнөм деген акыркы чечимди чыгарганда арабада отурарымды айткам. Ал баары бир үйлөнөрүн айтып, ата-энеси сөйкө салып кетти. Тойдун белгиленген мөөнөтүнө карабай ала качып отургузуп коюшту", - дейт Дөөлөтбаева.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Мээргүл турмуш жолуна аттанып, анын бактылуу жашоосу 8 жылга созулган. Ал ортодо жолдошу соода иши менен алектенип жүрүп карызга батып калган. "Күн сайын карызын доолап белгисиз адамдар келип дарбазабызды каккылап кетишет. Карызга баткан күйөөм айрым күндөрү үйгө келбей калчу болду. Кийинчерээк 1 ай бою келбей калды" деген Мээргүл жолдошунун кайда жүргөнүн билген эмес. "Кимдир бирөөнүн оюна жетеленип, азгырылып кетти" деген Мээргүлдүн жолдошу майып аялын, наристелерин кароосуз калтырып кеткен. Убакыттын өтүшү менен балдарын сагынып, анда-санда кабар алып турган. Кийинчерээк 3 айда бир келип балдарын көрүп кетчү болгон.

"Карыз алган адамдары мага келип, "күйөөңдү өлтүрөм, каматам" деп тажатып жиберишти" деген Мээргүл жолдошу менен 2014-жылы ажырашып кеткен. Азыр ал балдары менен Ош шаарында жакын тууган, студент инилери менен чогуу жашайт. Жашаган жери көп кабаттуу үй болгондуктан, кимдир бирөөнүн жардамы менен сыртка чыгат. Кошуналарынын телефон номурун жазып алган. Жардам керек болсо чалып турарын айтат.

Каарманыбыз Ош шаарынын мэрине 4 жылдан бери бир канча жолу батир тууралуу арыз жазган. Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовго жана учурдагы мэр Айтмамат Кадырбаевге да бир канча жолу батир сурап кайрылган. Ал тургай Кадырбаев эки баласын жетелеп барса көңүл да бурбаганын айтты. Эми ал өлкө башчысы Атамбаевге үмүт артат.

Тагдыр сыноосуна кабылып, оор турмушта жашаган каарманыбыз калем кармап, ыр жазууга шыктуу. Бош убактысында ыр жазып, кайгы-муңун калемден чыгарып, өз оюн тизмектеп кагаз бетине түшүрөт. Колунда мүмкүнчүлүгү бар берешен адамдар жардам колун сунса, Мээргүл андан баш тартпастыгын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(17)
27.09.2016. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Аябай жылдыздуу жакшынакай кыз экен.Аллахым шыпаа берсин.Президентибиз жарым миллион мейманканаларда эс албай ушунга бир уй алып берип койсо соопко каалат эле.
27.09.2016. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кудай шыпаасын берсин, татынакай кыз экен го атасы да кызык экен торотуп алып качып кеткен....
27.09.2016. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Pantherka,бирок майып экенине карабай ккелин кылып,жылуу кабыл алган кайын журтуна рахмат,андай адамдар сейрек кездешет. Куйосукарызынан кутулуп балдарынын жанына кайтып келип бактылуу омур сурушуно тилектешмин. Алла таалам шыпаасын берсин
27.09.2016. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Молтурогон сулуу кыз экен. Кудайдан болуп басып балдарынын жакшы кундоруно кубо болсун.
Майып кызга умут берип, убадасынын аягына чыгалбаган куйоосуно да ыйман берсин.
Балдары акыл эстуу болуп, апасын кор кылбай баккан уулдардан болушсун.
27.09.2016. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кубик кызы Айпериге окшошуп кетет экен.Айпери клипке тартса сонун чыкмак экоо окшошуп.Сулуу кыз экен
aseras түзөттү 2016-09-27 16:41:12
27.09.2016. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Татынакай экен
27.09.2016. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
биздин жаныбыздагы домдо жашайтго бул эже, сыртынан тааныйм дайыма өзүнө карап жакшынакай болуп жүрөт, чоң баласы кечке эшикте балдар менен ойнойт, кичинекейи апасы менен эле сыртка чыгат ошондо да апасынын жанынан жылбай кошо жүрөт, бул күндөр да өтөт буйурса, эки уулуңуздун эр жетип сизди мындан да жакшына кылып алып жүрөт буйурса, сизге бакыт, ден-соолук каалайм эжеке.
27.09.2016. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эжеке дагы бираз сабыр кылыныз
Балдарынызда чоноюп калыптыр
Балдарыныздын сый урматын коруп
Бул кундорду да корбогондой болуп кетесиз
Балдарынызды жакшына окутун
Аллахым жардамчыныз болсун
27.09.2016. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эркеке ишенгинче эки босогоно ишен.Сабыр кыл синдим ар кыйын гундун бир жыргал гуну бар балдарына ыйман омур берсин Кудайым
27.09.2016. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллахым шыпаасын берсин. Балдарыныз ыймандуу болуп, Сизди сыйлаган, урматтап баккан, конулунузду чогорбогон жигиттерден болуп чонойсун!
Ал эми биздин чиновниктерибиз ойгонуп, мумкунчулугу чектелгендерге жардам берип турушса жакшы болмок
27.09.2016. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшынакай кыз экенсин Мээргул.гуйон кайтып келип уй-булон бутун болсун.
27.09.2016. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Татынакай кыз экен чын ден-соолук каалайм балдарындын жакшылыгын кор ылайым жакшы балдардан болуп чонойсун!
Alixan-Nookat.2015 түзөттү 2016-09-27 19:26:02
27.09.2016. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Анча мынча алты саны аман кыздардан ото жогору койдум сени. Кудайым куттуу уйду насип кылсын. Ардайым аман болда жакшылыктан умут узбо.
27.09.2016. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мер конул буруп койсо болмок экономика.
27.09.2016. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
экен
28.09.2016. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайратуу молодец кыз экен.соо болуп биз наалып кетебиз кееде.тобо тобо.данектей сонун балдары бар экен.таазим сага.
28.09.2016. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иии мынча сулуу кыз :)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: