super.kg logo
  Саясат  

Президенттик аппарат: Алмазбек Атамбаев апта аягында ооруканадан чыгат

 

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Москвада дарылануусун улантууда. Маалыматты бүгүн, 27-сентябрда президенттик аппараттан билдиришти. Өлкө жетекчиси мурда жүрөк оорусун текшерген жана дарылаган Борбордук клиникалык оорукананын дарыгерлеринин көзөмөлүндө экени айтылды.

"Буга чейин кабарлангандай, мамлекет башчы мурда анын жүрөк оорусун изилдеген жана дарылаган Москвадагы Борбордук клиникалык оорукананын адистеринин кароосу алдында дарыланып жатат. Жүрөк аритмиясын дарылоого Орусиянын Медицина илимдери академиясынын академиги, профессор А.Ш.Ревишвили катышууда. Азыр жүрөк аритмиясына байланыштуу маселелер толук жоюлду. Мындан тышкары 2008-жылы ууландырылгандан кийин президент Түркияда ашказанын дарылаткан эле. Бул жолу да профилактикалык максатта Борбордук клиникалык оорукананын дарыгерлери мамлекет башчысынын ашказанына изилдөө жүргүзүштү. Дарыгерлер Алмазбек Атамбаевдин абалы кыйла жакшырганын белгилешти. Алардын корутундусу боюнча, президенттин абалы канааттандырарлык жана ушул жуманын аягында ооруканадан чыкса болот. Москвалык адистер менен бирге президентти дарылоого Кыргыз Республикасынын Президентинин жана өкмөттүн Иш башкармалыгына караштуу Клиникалык оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Гүлмира Баитова да катышып жатат", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: