Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү уурулукка шектелип кармалды

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 22 жаштагы И.О. аттуу шаар тургуну кайрылып, белгисиз адам унаасынын ичинен кымбат баалуу уюлдук телефонун уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча ыкчам издөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары С.Р. кармалган. Ал буга чейин 9 жолу уурулук боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Ошондой эле ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон.
Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Ойлойм;ИИМдин адамдары чыныгы кылмышкерди издеп отурбай эле мурунку соттолуп отуруп чыккандарды "Пихать" этишет окшойт эптеп Делону жабып, отчётту берип, звание алыш учун.