super.kg logo
  Саясат  

Парламентте мамлекеттик сырды ачкандардын жазасын күчөтүү зарылдыгы айтылды

 

Парламент депутаты Каныбек Иманалиев мамлекеттик сырды ачкандардын жоопкерчилигин күчөтүү зарыл деген пикирде. Жогорку Кеңештин 29-сентябрдагы жыйынында депутат аталган кылмыш боюнча 22 жылга эркинен ажыратылган Алтынбек Муралиевди мисал келтирди.

"Анын камакка алынышы бүткүл Кыргыз Республикасы үчүн өкүнүчтүү, өлкөбүздүн эл аралык аброюна сокку урулду. Мамлекеттик саясий кызматка кимдер гана келбеди. Саясий партиялардан, спорттон келип жатышат. Акыркы 10 жылда мамлекеттик сыр боюнча аларга бир да жолу инструктаж өткөрүлбөптүр. Өкмөт менен президенттик аппарат муну эске алышы керек, аларга мамлекеттик сырды сактоо зарылдыгы боюнча түшүндүрмө берүү зарыл. Мамлекеттик сырын сактай албаган өлкөнү бир дагы мамлекет сыйлабайт. Өлкөдө кайсы өлкөлөрдүн чалгынчылары жүргөнүн ким билет, аларда "булардын чиновниктерин сатып алса болот экен" деген ой жаралды", - дейт Иманалиев.

Айта кетсек, Алтынбек Муралиев КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы милдетин аткарып турган убакта “жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды чет өлкөлүк уюмдарга берген” деген күнөө менен 2014-жылдын 1-ноябрында кармалган. Быйыл сентябрдын башында Бишкек шаардык соту аны 22 жылга эркинен ажыратты. Ал 1999-2000-жылдары премьер-министр болгон Амангелди Муралиевдин баласы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: