super.kg logo

Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында каракчылык кылып жүргөн кылмыштуу топ кармалды

 

Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында каракчылык кылып жүргөн кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 6 адамдан турган кылмыштуу топ Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган. Алар бир канча каракчылык жана уурулук фактыларына шектелип жатышат.

Сентябрь айында милиция кызматкерлерине Аламүдүн районунун тургуну кайрылып, каракчылык фактысы боюнча билдирген. Анда белгисиз бет капчан адамдар үйүнө кирип ок атуучу курал менен коркутуп, акча талап кылышкан, бирок аларга каршылык көрсөтүлгөндүктөн, ишти аягына чыгарбай качып кетишкен. Бул боюнча ыкчам издөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 6 жаран кармалды. Алардын бири Милиция академиясынын 4-курсунун курсанты болуп чыккан”, - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Ошондой эле кармалган кылмыштуу топтун Ысык-Көл, Нарын облустарында да каракчылык жана уурулук кылып жүргөнү аныкталган.

Кылмышка шектүү катары кармалгандар:

- Ж.Р., 1995-жылы Ысык-Көл районунда туулган. Милиция академиясынын 4-курсунун курсанты.

- Д.Т., 1994-жылы Балыкчы шаарында туулган.

- С.К., 1994-жылы Балыкчы шаарында туулган.

- М.А., 1994-жылы Тоң районунда туулган.

- З.Ж., 1994-жылы Балыкчы шаарында туулган.

- Д.А., 1995-жылы Балыкчы шаарында туулган.

Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
29.09.2016. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Академия карышкыр тарбиялап жаткан турбайбы
29.09.2016. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Алты саны аман балдардын кылган ишин кара, ата-энене наалат баарынардын!!!
29.09.2016. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Arslan12, Адам ар кандай, ата энеси жакшы тарбия берген ченде деле кийинчерээк чойросуно карап бузулуп кетиши мумкун. Эгер бир адам башкага наалат айтса бирок ал адам ага татыктуу эмес болсо анда наалат биринчи айткан адамдын озуно тиет.
29.09.2016. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бетин коргозбойсунорбу !? Бул уйумун айланасында журоттур балким!? Кантип билебиз кылмышкер экенин?!
29.09.2016. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аттарын карасан Т.ж С.к м.а д.а не деген бул? Же бироого айтабызбы Т.Ж деген кылмышкерден этият болгула деп?!
29.09.2016. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Академия практикага жиберген го.буларды уйго келсе олтуруп алсан эмне болот.ата энеси келет да э бизди баккан жалгыз ушу болчу деп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: