super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев: "Конституцияны өзгөртүүнү демилгелеген 4 фракция лидери келечекте жоопко тартылышы мүмкүн"

 

Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеген Жогорку Кеңештин 4 фракциясынын лидерлери келечекте жоопко тартылышы мүмкүн. Мындай пикирин бүгүн, 30-сентябрда журналисттер менен жолугушууда экс-премьер-министр Темир Сариев билдирди.

Анын ою боюнча, учурдагы Конституция 2020-жылга чейин өзгөртүлбөш керек. "Бүгүнкү күндө Баш мыйзамдын айланасында чоң талаш-тартыш, тирешүү болуп жатат. Көбүбүз тынчсызданып жатабыз. Өлкөбүздө акыркы 10-11 жыл ичинде төңкөрүш кылуунун чегинен өттүк. Башка болбош керек. Ар бир революция прогресске жылууга жол ачып берет, бирок артка тартуу да болушу мүмкүн. Жаңы бийлик негизинен баш аламандыкты токтотуу, иретке келтирүү боюнча иш алып барышы зарыл. Эң негизгиси, элдин ишениминен чыкпаш керек. 2010-жылы кабыл алынган Конституциябызга 2020-жылга чейин тийбей турсак жакшы болмок. Элдин ишеними пайда болот эле. Бизде жаман адат бар: өзүбүздү өзгөртүүнүн ордуна Конституцияны өзүбүзгө ылайыктап өзгөртөбүз. Баш мыйзамды өзгөртүүнү 4 фракция лидери демилгелеп чыгыптыр. Көп учурларда демилге президентке таандык деп айтылып жатат, бирок юридикалык жагын карасак, 4 фракция лидери демилгечилер катары жазылып турат. Эгер келечекте териштирүү болуп калса, төртөө тең жоопко тартылышы керек", - деди Сариев.

Айта кетсек, Жогорку Кеңештеги КСДП, "Республика-Ата Журт", "Кыргызстан" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракцияларынын лидерлери Конституцияны өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун демилгелеп чыгышкан. Бирок долбоордун жаңы вариантын "Өнүгүү-Прогресс" колдогон жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: