super.kg logo

MegaCom интернети менен билим алуу жеңил

 

Азыркы кезде китепканалардын жана окуу жайлардын билим базасы бир смартфонго батат. Билим алуу үчүн чоң китептерди, топ кагаздарды жана көп сандагы дептер, блокнотторду алып жүрүүнүн кажети жок. Ар бир мектеп окуучусу же студент керектүү маалыматты MegaCom интернетинин жардамы менен саналуу мүнөттөрдүн ичинде таба алат. Бул макала билим алуу үчүн ылайыктуу интернет-топтомду, тарифти же опцияны тандоого жардам берет.

Жеткиликтүү интернет 1,2,3. Бул опциялардын өзгөчөлүгү - реалдуу сарпталган интернеттин көлөмү үчүн гана төлөм алынгандыгында. Көңүл ачуу мүнөзүндөгү сайттарга көңүл бурбастан, реферат же конспект үчүн белгилүү бир маалыматты табуу максатында интернетке кире турган болсоңуз, бул опция сизге ыңгайлуу болмокчу. Мисалы, "Жеткиликтүү интернет 3" опциясын тандоодо 1 МБ интернет 25 тыйын жана күн сайын 20 МБ акысыз трафик берилет.

"Күн-Түн" түркүмүнүн топтомдору күндүз жана түнкүсүн окугандар үчүн ылайыктуу. Топтомдун өзгөчөлүгү - сиз бир суммага эки эсе көп өлчөмдөгү интернетти аласыз. Элестетип көрсөңүз, күндүз лекцияга керектүү маалыматты таап, түнкүсүн экзамендерге даярданып, презентацияга даярдык көрүү үчүн жаңы маалыматты, диаграммаларды жана сүрөттөрдү таба алсыз. Мисалы, "Күн-Түн 1000+" топтомун тандасаңыз, болгону 200 сом үчүн күндүзгү интернетке 1000 МБ жана түнкү трафикке 1000 МБ берилет.

Чексиз интернет – бул суткасына белгилүү бир абоненттик төлөм үчүн мобилдик интернетти чектелбеген көлөмдө колдонуу мүмкүнчүлүгү. Эң керектүү маалда лимит түгөнүп калат дебестен, күн бою интернеттен керектүү макалаларды, китептерди жана баяндамаларды таап, билим берүүчү видеороликтерди жана тасмаларды көрө аласыз.

Элдик – бул мобилдик интернет менен колдонууга, чалууларга жана SMS-билдирүүлөрдү жөнөтүүгө эң ыңгайлуу шарттарды түзүүчү популярдуу тарифтик пландардын бири. Мисалы, "Элдик 50" тарифин тандап, жумасына 50 сом үчүн жогорку ылдамдыктагы 1050 МБ интернетти: жаңылыктарды окууга, китептерди көчүрүүгө жана видеосабактарды көрүүгө сарптасаңыз болот. Эгерде сизге чоң көлөмдөгү интернет керек болсо, чоңураак көлөмдөгү трафикке өтсөңүз болот.

Чектөөсүз 4G – эң активдүү студенттер үчүн, анткени болгону 1250 сом үчүн сизге чектелбеген көлөмдөгү жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет берилет. Дүйнөнүн алдынкы университеттеринин онлайн-курстарына жазылыңыз, анткени "Чектөөсүз 4G" тарифи менен чектелбеген трафик жана ылдамдыкта билим алуу мүмкүн. Бир сөз менен айтканда, мыкты сапаттагы билим берүүчү видеороликтерди, HD форматындагы илимий жана даректүү тасмаларды жана дагы түрдүү көлөмдөгү жүздөгөн китептерди саналуу секунданын ичинде жүктөп алуу. Сизге пайдалуу жана ыңгайлуу болгон тарифтик планды же кызматты тандап, MegaCom менен билим алыңыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.09.2016. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул айтылынган баяндалган билимди Вай фай билайн жб тармактар менен алса болотко
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: