super.kg logo

Бишкекте 2 баласы менен кетип бараткан келинди сүзүп, анын өлүмүнө себепкер болгон айдоочу кармала элек

 
Кылмышка шектүү Р.Жалилов
Оор жаракаттардан улам каза болгон Ж.Бараталиева

Бишкекте 2 баласы менен кетип бараткан келинди сүзүп, анын өлүмүнө себепкер болгон айдоочу кармала элек. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда SUPER.KG порталына Бишкек шаарынын Патрулдук милициясынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев билдирди.

"35 жаштагы кылмышка шектүү Рустам Жалиловду издөө иштери улантылууда. Азырынча ал кармала элек. Аны издөө иштери учурда Казакстандын аймагында да жүрүүдө", - деди Бугубаев.

Эске салсак, жол кырсыгы 21-сентябрда саат 18:40 чамасында Бишкектин түштүк-батыш тарабындагы көрүстөндүн жанында орун алган. Анда жол тандабас башкарган айдоочу жолдо 2 баласы менен кетип бараткан 23 жаштагы келинди сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Арадан көп өтпөй аталган айдоочу дагы бир жаранды сүзүп, андан соң май куюучу жайдын тосмосун сүзүп токтогон. Оор жаракаттарды алган жаш эне ооруканага жетпей каза тапкан. Ал эми кылмышка шектүү май куючу жайды сүзгөн соң ал жерден да кетип, 22-сентябрга караган түнү Казакстанга өтүп кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
30.09.2016. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чет мамлекетке учуп кеткендирда.кылмышын мойнуна алып озу эле тутулуп берсе жакшы болот эле барибир эркиндикте журо албайт
30.09.2016. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ экен э..кантип уктап кантип тамак ичип журот болду экен...балким бул биринчи эместир качкан жактан опыты чоон го....
Модератор admin_portal түзөттү 2016-10-03 09:50:02
03.10.2016. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kroxa, этика нормаларын сактаңыз!
01.10.2016. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеге кармап кайра коё берди билбейм милициялар.
01.10.2016. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Демейде белгисиз кылмышкер тез табылчу эле, беп-белгилуу кылмышкер табылбаганына квраганда "Акча" роль ойноп кетти корунот шайтандай болуп.....
01.10.2016. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул жерде акча корунуп турат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: