Кемин районунда каракчылыкка шектелип 29 жаштагы Ош облусунун тургуну кармалды

Кемин районунда каракчылыкка шектелип 29 жаштагы Ош облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 48 жаштагы Самансур айылынын тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адам токмоктоп, уюлдук телефонун жана 15 миң сом акчасын тартып алганын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 28-сентябрь күнү Ош облусунун 29 жаштагы Н.М. аттуу тургуну кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.