super.kg logo

Депутат: "Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча кызматты жоюу бийликтин чоң катачылыгына айланышы мүмкүн"

 

"Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматты жоюу бийликтин чоң катачылыгына айланышы мүмкүн", - деген пикирин бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин отурумунда депутат Руслан Казакбаев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Акаев жана Бакиевдин убагында аталган кызмат бир нече жолу жоюлуп, кайра түзүлгөн. "Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу баңгизаттар Орусияга, Казакстанга, Европа мамлекеттерине өтөт. Баңгизаттарга каршы күрөшүү боюнча эл аралык фонддордун маалыматына таянсак, өлкөбүздө 25 миңге жакын баңги катталган. Бул көйгөй менен күрөшө турган жана өзүнүн чыгашаларын өзү актап жаткан мамлекеттик кызматты Коргоо кеңеши жоюуну демилгелеп, Ички иштер министрлигинин алдында жаңы кызматты түзгөнү жатат. Бул бийликтин чоң катачылыгы болот. Ички иштер министринин орун басарларынын биринин жеке кызыкчылыгы үчүн жасалып жаткан иш болушу мүмкүн. Реформа керекпи? Анда Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча кызматты жойбой эле, ички курамын кыскарталы же керектүү техника алып берели", - деп сунуштады Казакбаев.

Мындан тышкары депутат Жогорку Кеңештин тармактык комитети бул маселе боюнча атайын жыйын өткөрүп, ага тиешелүү мекемелерди чакырып, өз позициясын билдириши керектигин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
04.10.2016. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ХХХ ХХХ ХХХ учун бул болумду жок кылып жатышатда.
Модератор admin_portal түзөттү 2016-10-04 11:27:34
04.10.2016. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aika96, бирөөнүн дарегине карата далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга тыюу салынат! Эскертүү!
04.10.2016. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оздоруно ынгайлап жатышатта бактылуу окмот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: