Чолпон Жакупова: "Конституция өзгөртүлсө, депутаттык мандатымды тапшырам"
Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Жакупова бүгүн, 4-октябрда Бишкекте "Азаттыктын" түз эфиринде окурмандардын суроолоруна жооп берүүдө. "Эгерде Конституция өзгөртүлсө, айткан сөзүмө турам. Эч ойлонбостон мандатымды тапшырам", - деди депутат. Депутат Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесинин автору президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлүнүн орун басары Анарбек Исмаилов экенин айтты. "Парламенттин акыркы жыйынында ушундай деп ачык эле айтылды, Исмаилов өзү муну четке каккан жок", - деди Жакупова.
Эскерте кетсек, парламенттин 29-сентябрдагы жыйынында депутат Каныбек Иманалиев Конституцияга өзгөртүүнү даярдаган 90 депутат же Канатбек Исаев менен Иса Өмүркулов эмес, президенттик администрациянын өкүлү Анарбек Исмаилов экенин айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
-1

