super.kg logo
  Саясат  

"Конституция боюнча "Бир болдун" депутаттары өздөрү каалагандай добуш беришет" дейт Жакупова

 

Парламентте "Бир бол" фракциясынын депутаттары Конституцияны өзгөртүү демилгеси боюнча өздөрү каалагандай добуш беришет. Бул тууралуу 4-октябрда Бишкекте депутат Чолпон Жакупова билдирди. "Айрымдарда фракция лидери "бул маселе боюнча пикирим мындай, минтип добуш беребиз" деп чечип коёт. Биздин фракцияда андай жок, депутаттар өздөрү каалагандай добуш беришет. Ошондуктан жакында мыйзам долбооруна добуш берүүдө айрымдары колдошсо, айрымдары каршы чыгышты. Акыркы күндөрү кайсы депутат оюн өзгөрттү, кайсы депутат эмнеге макулдук берди, бул мени кызыктырбай калды. Жалпы тенденцияны гана байкап турам", - деди Жакупова.

Жарандар депутаттан 2017-жылы өтүүчү президенттик шайлоодо кимди колдой турганын сурашты. "Азырынча жалгыз Темир Сариев гана президенттикке ат салыша турганын расмий түрдө айтты. Калгандары үн катпай күтүп жатышат. Ошондуктан азыр кимди колдой турганымды айта албайм, анткени талапкерлерди салыштырып көрүү мүмкүнчүлүгү жок", - деди Жакупова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: