super.kg logo

"Кумтөрдүн" кызматкери Абдурахим Мамбеталиев 9 адамдын өмүрүн сактады

 

"Кумтөр Голд Компанинин" кызматкери Абдурахим Мамбеталиев шар аккан сууда калган 9 адамды, анын ичинде 4 кичинекей баланы куткарууга катышкан. Жол-транспорт кырсыгы Жети-Өгүз районунда катталган. Нөшөрлөгөн жаандан улам тайгак жолдо айдоочу унааны башкара албай Чоң-Кызыл-Сууга түшүп кеткен. Жакын жерде достору менен жүргөн Абдурахим Мамбеталиев кырсыкка кабылган адамдардын кыйкырыгын угар замат жетип келип, агымы күчтүү дарыяга кирип, тактайдын бир учун сууга кулаган автоунаага улап, ошол өтмөк аркылуу адамдарды жээкке чыгарган.

Жапа чеккендердин бири Сабира Сыманова алар ошол күнү эс алууга чыгышканын билдирген. Алгач себелеп баштаган жаанга анча маани беришкен эмес, бирок күтүүсүздөн автоунаа жолдон тайгаланып, сууга кулап түшкөн. “Биз эмне кыларыбызды билбей, дүрбөлөңгө түштүк. Биздин үнүбүз жакын жерде эс алып жаткандарга угулуптур. Мен Абдурахим башында турган жигиттерге ыраазымын. Алар өз өмүрлөрүн тобокелге салышты", - дейт Сабира Сыманова.

Экинчи жабырлануучу Таалай Чакиев да баштан өткөн окуяны айтып берди: "Биз абдан корктук. Дагы жакшы, унаа сууга узунунан туруп калды, ал туурасынан болгондо суунун агымы унааны оодарып салмак. Биз суусу шаркырап аккан сайда 40 мүнөттөй кармалып калдык. Мүнөт санап машинага суу толо баштады, буттарыбыз суу болуп, үшүй баштадык. Үнүбүз жетишинче кыйкырып жардамга чакырып жаттык. Бизди угуп, жардамга келип, сактап калышкан адамдарга ыраазымын. Алар бизге экинчи өмүр тартуулашты".

Бул окуянын каарманы Абдурахим Мамбеталиев 18 жылдан бери "Кумтөр Голд Компаниде" коопсуздук кызматында эмгектенет.

"Биз сууга түшкөнү жатканбыз. Автомашина сууга кулап түшкөнүн угар замат жолдошторум менен окуя болгон жерге шашылдык. Кандай, эмне кылуу керек экенин түшүнүп, дароо аракеттене баштадым. Коркунуч жөнүндө ойлонгон да жокмун. Натыйжада биз адамдарды сактай алдык. Адамдарды сактоого катышкан Керимжан Абдиев, Ринат Сулайманов, Дилшат Масеев, Абдухалил жана Абдужалил Мамбеталиевдерге алкыш! Ошондой эле суудан алып чыккандан кийин үшүп калган адамдарга жардам берген Айдар Эралиев менен карындашы Чынарага да рахмат.

Бир аздан соң машинам менен баарын үйлөрүнө жеткирип койдум. Кырсыкка кабылган адамды куткарууну эрдик эмес, жарандык милдет деп эсептейм, себеби адам өмүрү баарынан кымбат. Кайдыгер жана көңүл кош болбоо керек", - дейт Абдурахим Мамбеталиев.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 15 
Комментарийлер(19)
05.10.2016. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
ушундай Азаматар коп болсо экен.
05.10.2016. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Азаматсыз байке сиздей инсандар коп болсун
05.10.2016. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эркек!
05.10.2016. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азаматсыз бар болун.
05.10.2016. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бар болунуз Абдурахим байке.
05.10.2016. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсыз ушундай жакшы адамдар кобойо берсин олкобуздо.
05.10.2016. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Азамат экен,бирок кумтордун бул жерде кандай тиешеси бар.
05.10.2016. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
куткаруучу болгон үчүн дароо кандай кылышты түшүндү да, алкыш!
баары аман калгандарына шүгүр!
05.10.2016. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кумторду дайым мактай бергенинер жакпайт да. Куткаруучуларга мин алкыш жана данк.
05.10.2016. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жети огуздо болсо Кум тордо иштегендер кыйма чийме отушот тан калаарлык деле эмес ал жерде ишке барып келгендердин жолу,,ошон учун кумторду кошуп жазышты го...бирок куткарганы адамдык бийик сапат азаматсынар...
05.10.2016. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алла раазы болсун,азаматтар,атасына рахмат. Кумторсуз эле жазсанар да болмок,же кумторду кошуп жазсанар акча береби
05.10.2016. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Тиги куткаруучу азамат экен, бирок анын эрдигин да Кумторду рекламалоо учун пайдаланышыптыр, улам улам теманы алдыга жылдырып... Бул тиги адамдын эрдиги, Кумтордун эмес!!!
05.10.2016. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
иштеген жерин жазбаса мобул жердеги чукугучтар дагы айтмак, толук маалымат жазбайсыңарбы супер деп. жөн эле чоң эрдике кубанып койсо болбойбу? же сөзсүз жаман жагын жазыш керекпи?
06.10.2016. 04:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
азаматсыз Кудайым озу колдосун!
06.10.2016. 07:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кумтөрдүн кызматкери деп кумтөрдү мактабай жөн эле аты жөнүн жазсаңар кошомат кылбай
06.10.2016. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Куткаруучуларды эмес, Кумтөрдү талкуулай берген кызык го. Кумтөрдө ишке жетпей жүргөндөр канча.
06.10.2016. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул окуяга коп болду го.
06.10.2016. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик
06.10.2016. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат экен,элге да таанытты аны. Автор,сыр болбосо канча берди бул жарнамага? Тузук эле алган окшойсун э ачык айта бер,эл деле жинди эмес го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: