super.kg logo

Кыргыздын чыгармачыл инсандары Азиз Мурадиллаевдин боорун алмаштыруу керектигин, ага жардам берүү зарылдыгын айтып жатышат

 

Белгилүү актёр Азиз Мурадиллаевдин боорун алмаштыруу керек. Бул тууралуу маалымат бүгүн, 5-октябрда Инстаграмда тарады. "Күтүлбөгөн оору таланттууларды жаш курагында сындырганы өкүнүчтүү. Актёр Азиз Мурадиллаевдин боорун алмаштыруу зарыл. Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө. Биздин таланттуу кесиптешибиз Азизди сактап калууга көңүл кош эмес жарандардын баарын чакырабыз. 25-октябрь күнү Кыргыз драма театрында концерт жана марафон уюштурулат. Достор, артисттер, аткаруучулар, баарыңыздар үн катыңыздар. Баарыбыз жардам берели" деген билдирүү жазылып, бул постту кыргыздын белгилүү чыгармачыл инсандары бөлүшүүдө.

Ал эми актёрдун өзү менен байланышканыбызда ден соолугу жакшы экенин, операция жолу менен эмес, дары ичип гана дарыланарын айтты. "Кудайга шүгүр, азыр жакшы болуп калдым. Операцияны оорунун эң акыркы стадиясында жасашат экен. Мени андайга жеткирбей жакшы дарыгерлер дарылап жатышат", - дейт актёр.

Белгилей кетсек, буга чейин да актёрдун абалы оор экендиги, кан донору керектиги тууралуу маалымдалган. Ал эми актёрдун жакындары анын жакшы болуп калганын билдиришкен эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
05.10.2016. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Жаратканым жанын бекем кылып,шыпаасын берсин.
05.10.2016. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ар дарттын дабасы бар дешет...
05.10.2016. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Айыгып кетиниз батыраак ылайым.Кудай озу колдосун
05.10.2016. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Журокту тушурбогулочу озу жакшы элемин дейт го.Эн жакшы коргон актерум.Ден соолукта болуп омурунуз узун болсун Алла шыпаасын берсин.
05.10.2016. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айыгып кетиниз.
( Ал эми ырчынын жакындары актердун жакшы болуп калганын билдиришкен эле )))))))
05.10.2016. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тушунбодум, ошондо кимге ишениш керек? ОЗУ жакшы болуп калдым, операция жасалбайт Деп жатса, башкалар акча чогултуп жатса шашылыш.
05.10.2016. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы эле болсун ооруй корбо Датка,сен элдиксин,сен бизге керексин!!
05.10.2016. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым шыпаасын берсин.
05.10.2016. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
25-октябрга чейин эле откорсо болмок,ага чейин коооп кун барго,эртелетсе жакшы беле дегеним.Кудай шыпаасын берип,тезиреек жакшы болуп кетиниз.
06.10.2016. 03:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айыгып кететиниз
06.10.2016. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жары учун,балдары учун,ата-эне бир туугандары учун,Кыргыз эли учун,айыгып кетиниз.Алла Таалам шыпаасын берсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: