super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад облусунун башчысы болуп КСДПдан Кыянбек Сатыбалдиев дайындалды

 
Өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү болуп Кыянбек Сатыбалдиев дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.
"Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койду. Ага ылайык, Сатыбалдиев Кыянбек Урмаматович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абаддагы өкүлү болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Кыянбек Сатыбалдиев КСДП фракциясынан 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. Ал эми буга чейин облусту жетектеп келген Жумагүл Эгембердиева 15-сентябрда Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер мамлекеттик агенттигине жетекчи болуп которулган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -7 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: