super.kg logo
  Саясат  

"Ата Мекен" партиясы "Вечерний Бишкек" интернет басылмасын сотко берет

 

"Ата Мекен" партиясы "Вечерний Бишкек" гезитинин сайтын сотко берет. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда аталган партиядан билдиришти.

"Вечерний Бишкек" гезитинин сайты "Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова Бакиевдер менен бирге "Мегакомго" үлүшкө кирген" деген макаласын Өмүрбек Абдрахмановдун сөзүнө шилтеме берүү менен жарыялаган. Бирок “Вечерний Бишкек” гезити Өмүрбек Абдрахманов бул жалган сөзүн 2012-жылы “Алиби” гезитине айтканын, Абдрахмановдун сөздөрү калп экенин Биринчи Май райондук соту тастыктаганын билбесе керек", - деп айтылат маалыматта.

"Ата Мекендин" депутаттары тууралуу Өмүрбек Абдрахманов айткан сөздөр жалган экени тастыкталган" деп Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечимин да көрсөтүштү. Партия "Вечерний Бишкек" гезитинин сайтын "жалган маалымат таратты" деп айыптоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: