super.kg logo

Тайырбек Сарпашев: “Чет өлкөлөрдөгү кыргыз жарандарынын бардыгы биометрикалык маалыматтарын тапшыра элек”

 

Чет мамлекеттердеги кыргыз жарандарынын бардыгы биометрикалык каттоодон өткөн жок. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев билдирди.

Анын айтымында, 2014-жылы биометрикалык база түзүлүп баштаганда чет өлкөдөгү кыргыз жарандарынын бир тобунан биометрикалык маалыматтар алынган. “Жаңы жыл астында Бишкектеги, Оштогу аэропорттордо жана вокзалдарда биометрикалык каттоо жүргүзгөнбүз, анткени көптөгөн мекендештерибиз үйлөрүнө келип кетет. Ошентип Ош шаарынан эле Орусиядан учуп келген 34 миң жарандан биометрикалык маалыматтарды жыйнаганбыз. Бишкек шаарынан болжол менен 17 миң жаран биометрикадан өткөн. Орусияда биометрикалык базага кире элек мекендештерибиздин бир бөлүгү бар. Айрымдары мекенине такыр келе элек. Кыргыз жергесинде бул ишти жасоо оор болду, чет жерде мындан да оор. Орусия аябай чоң да. Муну чечүү үчүн биометрикалык паспортко өтүшүбүз керек. Ошондо биометрикалык маалыматтарды толук кандуу жыйноого мүмкүнчүлүк пайда болот. Кыргыз Республикасынын ичиндеги шайлоочулардын 98 пайызы биометрикалык базага кирген”, - деди Сарпашев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
07.10.2016. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен уй булом менен Кыргызстанга Ошко келгениме эки жыл болду, ото элекмин биометрикасынан кайсыл жерден отсо болот?
07.10.2016. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamat.k,оз районундагы РОВД УВДдан отсо болот
07.10.2016. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Шайлоо үчүн пайдасы көп .
07.10.2016. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тайырбектин биометриялык паспорттон башка иши жок окшойт качан карасан ушул биометрия жонундо суйлойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: